Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 7-апрели № 8 Жаңы-Жер айылы
“Кожешкен” дарыясынын жээгинин когоо зонасын
кыскартууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралу Жобонун 23-пунктуна ошондой эле Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин талаптарына ылайык, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 108 сунуш каты айылдык кеңештин депутаттары тарабынан каралып, талкууланып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесинин 2-пунктуна негиз, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
- 1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 108 сунуш каты канааттандырылсын.
- Ак-Турпак айыл аймагын аралап өткөн “Кожешкен” дарыясынын жээгинин коргоо зонасын 150 (бир жүз элүү) метрден 100 (бир жүз) метрге кыскартууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздары Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин алдындагы департаменттин Оштогу өкүлчүлүгүнө белгиленген тартипте жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.
Төрага А. Имаров

