Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы ТОКТОМ 2026-жылдын 7-апрели № 12

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы

ТОКТОМ

2026-жылдын 7-апрели  № 12                                                                       Жаңы-Жер айылы

Ак-Турпак айыл аймагындагы жайыт жерлеринде өскөн

 “Чайыр” (ферула) өсүмдүгүн казып алууга макулдук берүү жөнүндө

 

 “Чайыр” өсүмдүгүнүн ширесин жыйноо үчүн жеке жана юридикалык жактардан келип түшкөн арыз, кайрылуулардын негизинде, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн алдындагы “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын ( мындан ары МИ) башчысы М.Ботобековдун билдирүүсүнө ылайык айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин 2026-жылдын                     3-апрелиндеги № 108 сунуш катын карап чыгып, талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

  1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 108 сунуш каты канааттандырылсын.
  2. “Чайыр” өсүмдүгүнүн ширесин жыйноо үчүн келип кайрылган жеке жана юридикалык жактар менен “Ак-Турпак” МИ нын ортосунда, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык “Чайыр” өсүмдүгүнүн ширесин жыйноо иш аракеттерин жүргүзүү боюнча келишим түзүүгө макулдук берилсин.
  3. Келишим түзүү иштерин жүргүзүүгө айылдык кеңештин Айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы же айылдык кеңештин алдында убактылуу түзүлгөн комиссия сөзсүз катышсын.
  4. Келишим түзүү иштерин жүргүзүүдө айылдык кеңештин туруктуу же убактылуу комиссиясы, айыл өкмөтү жана Ак-Турпак” МИ биргеликте иш алып барышсын.
  5. “Чайырдын” ширесин жыйноо иштерин уюштурган тараптар менен айыл өкмөтүнүн түзгөн келишиминде жергиликтүү бюджетти көтөрүү жана социалдык пайда алып келүүчү шарттар сөзсүз коюлсун.
  6. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.
  7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Джеенбаевге милдеттендирилсин.

 

 

 Төрага                                                                                   А. Имаров

Жооп калтыруу