Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 7-апрели № 13 Жаңы-Жер айылы
Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган 5 (беш) долбоорго өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоорлорго Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн өздүк салымын ажыратып берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 108 сунуш катын карап чыгып, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
- Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан жалпы сметалык баасы 10 млн 800 миң сомду түзгөн 5 (беш) долбоорго өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен 4 млн 763 миң 963 сом акча каражаты ажыратылып берилсин. Долбоорлор боюнча маалымат 1-тиркемеде.
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А. Имаров
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
2026-жылдын 7-апрелиндеги
кезектеги XVII сессиясынын
№ 13 токтомуна 1-тиркеме
Долбоорлор
- Сары-Камыш айылына электр линиясын тартуу долбоору.
Суралуучу сумма – 1 000 000 сом, өздүк салым – 333 359 сом.
- Жетиген, Жаш-Тилек жана Келечек айылдарына баруучу 1 км негизги авто жолуна асфальт төшөө долбоору.
Суралуучу сумма – 5 000 000 сом, өздүк салым – 2 000 000 сом.
- Ак-Турпак айыл аймагына таза суу үчүн долбоорлоого (ДСД жасатуу) долбоору.
Суралуучу сумма – 1 500 000 сом, өздүк салым – 1 200 000 сом.
- Жаңы-Жер айылындагы борбордук стадиондун айланасын тосмо тосуу долбоору.
Суралуучу сумма – 1 800 000 сом, өздүк салым – 450 231 сом.
- Жаңы-Жер айылындагы “Алтын-Ай” балдар бакчасынын имаратынын эки бөлмөсүн учурдук оңдоодон өткөрүү жана чатырын алмаштыруу долбоору.
Суралуучу сумма – 1 500 000 сом, өздүк салым – 780 373 сом.
Ак-Турпак айылдык кеңешинин
жооптуу катчысы Н.Насибалиев

