Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 7-апрели № 10 Жаңы-Жер айылы
“Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын
2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 108 сунуш каты айылдык кеңештин депутаттары тарабынан каралып, “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Ботобековдун маалыматы угулуп, талкууланып, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
- “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү 5 137 014 (беш миллион бир жүз отуз жети миң он төрт ) сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Ботобековго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге жүктөлсүн.
Төрага А. Имаров

