Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы ТОКТОМ 2026-жылдын 7-апрели № 7

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы

ТОКТОМ

2026-жылдын 7-апрели  № 7                                                                       Жаңы-Жер айылы

Ак-Турпак айыл өкмөтүнө тиешелүү айыл чарба багытындагы

Мамлекеттик Фондунун (МФ) 214,38 га жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

 

“Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалы тарабынан Ак-Турпак айыл аймагындагы МФнун жерлерине жүргүзүлгөн инвентаризация жумуштарынын жыйынтыгы жана айыл чарба кооперативдеринин, фермердик чарбалардын арыз, кайрылууларынын негизинде,                  Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 113 сунуш каты айылдык кеңештин депутаттары тарабынан каралып, талкууланып, аймактагы айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу максатында, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

  1. 1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 113 сунуш каты канааттандырылсын.
  2. Ак-Турпак айыл өкмөтүнө тиешелүү айыл чарба багытындагы МФнун 214,38 га (эки жүз он төрт гектар отуз сегиз сотых) жер аянтынын категориясын бир категориядан (мелиоративдик – 86,81 га, кысыр аңыз – 7,04 га, бак дарак – 32,73 га, жүзүм бак – 87,8 га) башка категорияга (айдоо сугат категориясына) өзгөртүүгө (трансформациялоого) макулдук берилсин.
  3. МФнун жерлерин пайдаланып жаткан айыл чарба кооперативдеринин, фермердик чарбалардын жер аянттарын максаттуу багыты боюнча пайдаланылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
  4. МФнун жер аянттарынын категориясын бир түрдөн экинчи түргө которуу (трансформациялоо) боюнча иш аракеттерди жүргүзүү, тиешелүү материалдарды даярдап, жогорку органдарга сунуштоо ошондой эле ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Джеенбаевге милдеттендирилсин.

 

 

 Төрага                                                                                   А. Имаров

Жооп калтыруу