Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 7-апрели № 6 Жаңы-Жер айылы
Жер аянттарынын категориясын которууга
(трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 108 сунуш каты айылдык кеңештин депутаттары тарабынан каралып, талкууланып, Ак-Турпак айыл аймагындагы калктын жашоо шартын жакшыртуу, таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана социалдык маселелерди чечүү максатында, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
- 1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 108 сунуш каты канааттандырылсын.
- Өтүкчү, Кызыл-Коргон, Кара-Тумшук, Ак-Турпак, Токой, Чогорок, Калача жана Чоң-Кара айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында “Кара-Тумшук” участкасында скважина казуу үчүн 1,0 га жер аянтынын категориясын өзгөртүүгө (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Жаңы-Жер, Миң-Чынар, Жетиген, Жаш-Тилек, Келечек жана Өрүк-Зар айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында “Калача” участкасында скважина казуу үчүн 1,0 га жер аянтынын категориясын өзгөртүүгө (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Дюкер участкасында (Биримдик айылы) мектеп куруу үчүн 1,0 га жер аянтынын категориясын өзгөртүүгө (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Дюкер участкасында (Биримдик айылы) социалдык объектилерди куруу үчүн 2,0 га жер аянтынын категориясын өзгөртүүгө (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Бүргөндү магистралдык каналынын көлөмүн чоңойтууга жана кошумча канал куруу үчүн 87,0 га жер аянтынын категориясын өзгөртүүгө (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянттарынын категориясын бир түрдөн экинчи түргө которуу (трансформациялоо) боюнча иш аракеттерди жүргүзүү, тиешелүү материалдарды даярдап, жогорку органдарга сунуштоо ошондой эле ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Джеенбаевге милдеттендирилсин.
Төрага А. Имаров

