Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы ТОКТОМ 2026-жылдын 7-апрели № 9

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы

ТОКТОМ

2026-жылдын 7-апрели  № 9                                                                       Жаңы-Жер айылы

Суу бою айылдарын аралап өткөн жолдун туурасынын өлчөмүн

белгилөөгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин талаптарына ылайык, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын                 3-апрелиндеги № 108 сунуш каты айылдык кеңештин депутаттары тарабынан каралып, талкууланып, жолдун туурасын 18 метрге чейин кеңейтүүдө турак үйлөрдүн жана башка курулуштардын көп санда бузулуу коркунучу бар болгондуктан, ошондой эле коопсуздук талаптарын сактоо максатында жолдун туурасы минималдаштырылып 12 метр өлчөмүндө белгиленгендиги эске алынып, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

  1. 1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 108 сунуш каты канааттандырылсын.
  2. Суу бою айылдарын аралап өткөн жолдун туурасын 12 (он эки) метр өлчөмүндө белгилөөгө макулдук берилсин.
  3. Тиешелүү иш кагаздары Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин алдындагы департаменттин Оштогу өкүлчүлүгүнө белгиленген тартипте жөнөтүлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.

 

 

 

 Төрага                                                                                   А. Имаров

Жооп калтыруу