Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын
№ 27 ТОКТОМУ
04.12.2023-жыл Жаңы-Жер айылы
2024-жылга каралуучу бюджетинин эсебинен айыл
өкмөтүнүн административдик имаратын капиталдык
ремонттоо жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы
М. Анарбаевдин билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Айыл өкмөтүнүн административдик имаратын капиталдык ремонтоо үчүн 2024-жылга каралуучу бюджетинин эсебинен өздүк салым катары 2815,0 (эки миллион сегиз жүз он беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А. Имаров

