Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясынын
№ 21 ТОКТОМУ
09.09.2023-жыл Жаңы-Жер айылы
Келечек айылына жаңыдан курулган мектеп жөнүндө
Келечек айылына жаңыдан курулган мектеп орто мектеп болуп өзгөртүү жана мектептин ички жасалгасы үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча бөлүп берүү жөнүндө маселени угуп талкуулап айылдык кеңешинин сесиясы токтом кылат:
- Келечек айылына жаңыдан курулган мектептин ички жасалгасы үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты бөлүп берилсин.
- Келечек айылына жаңыдан курулган мектептин аталышы “Жаш-Тилек” орто мектеби болуп өзгөртүлсүн.
- Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровго милдеттендирилсин.
Төрага А. Имаров

