Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын № 4 ТОКТОМУ

Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  

кезектеги II сессиясынын

№ 4 ТОКТОМУ

09.03.2023-жыл                               Жаңы-Жер айылы

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  2022-2023-жылдын социалдык –экономикалык өнүгүү планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.

 

АРИС тин CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун IС кичи компонентинин  алкагында коомчулук тарабынан тандалып алынган Күручтү Кайра иштетүүчү комплекс, күрүчтү кургатуу, кабыгынан тазалоо, тазалоо, таңгактоо экономикалык обьектисин ишке ашырууну айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизүү жөнүндө Ак-Турпак айыл аймагынын Таасир этүү коридорундагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын төрагасы Имамади уулу Бекболоттун билдирүүсүн угуп,талкуулап айылдык кеңешин сессиясы  токтом кылат:

 

  1. АРИС тин CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун Icкичи компонентинин алкагында коомчулук тарабынан тандалып алынган Күручтү Кайра иштетүүчү комплекс  күрүчтү кургатуу, кабыгынан тазалоо, тазалоо, таңгактоо экономикалык обьектисин ишке ашыруу жана  айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилсин жана 2023-жылы АРИСтин

CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору  тарабынан каржыланып, ишке ашырылсын.

  1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн муниципалдык жер аянтынан жер ажыратып берүү жана иш кагаздарын жүргүзүүгө көмөк көрсөтүлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Акимовго жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                А.Имаров

Жооп калтыруу