Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын № 16 ТОКТОМУ 28.01.2022-жыл

Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  

кезектеги VII сессиясынын

№ 16 ТОКТОМУ

        28.01.2022-жыл                                                                                             Жаңы-Жер айылы

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин  2022-жылга бекитүү жана 2023-2024-жылдарга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин долбоорун жактыруу жөнүндө

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджети жана 2023-2024-жылдарга жергиликтүү бюджеттин долбоору  «Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине негиз түзүлүп, айылдык кеңештин бюджет экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Сатыбалдыевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Турпак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 29357,7 миң сомго, чыгашалар бөлүгү 29357,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин, жана 2023-жылга 29751,9 миң сом, 2024-жылга 30038,9 миң сом болжолдору жактырылсын.
  2. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгүнө чегерүүлөр 2022-жылга №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
  3. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашалар бөлүгүнө чегерүүлөр 2022-жылга №2 тиркемеге ылайык аныкталсын.
  4. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашалар бөлүгүнүн божомолу 2023-2024 жылдарга №3,4 тиркемелерге ылайык аныкталсын.
  5. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек
    акы, Кыргыз Республикасынын социалдык фондуна чегерүүлөр, тамак-аш ж.б.) жүргүзүлөт.
  6. Чыгашаларды корголгон беренелерге каралган каражаттар штаттык бирдиктер жана нормативдик актылар өзгөргөндө өзгөрүүсү мүмкүн.
  7. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджети, 2022-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
  8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет экономика жана жер маселелри боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

             Төрага                                                                                   А.Имаров


Тиркемелер

Жооп калтыруу