Ак- Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
№38 ТОКТОМУ
10.06.2022-жыл. Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл аймагындагы турак жайга муктаж жарандарга үй салуу үчүн жер тилкесин берүү жөнүндө.
Ак- Турпак айылдык кеңешинин сессиясына сунушталган маселелер каралып, угуп талкуулап айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Турпак айыл аймагындагы турак жай алууга муктаж атуулдардын айыл айылдарда такталган тизмеси боюнча турак жай тилкесин берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.2. 2.Берилүүчү турак жай айыл аймагында туруктуу жашаган тургундарына гана берилсин.
3.Айыл айылдарда турак жай маселесин кароо боюнча түзүлгөн комиссиялардын ишмердүүлүгү токтотулсун.
4.Такталган тизмени дагы бир жолу карап чыгуу жагы айылөкмөтүнүн башчысынын орун басарына жана бардык айыл башчыларына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жана айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Ахунова С.

