Ак- Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын
№ 36 ТОКТОМУ
31.05.2022-жыл Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл өкмөтүндөгү “ Дюкер”
учасккасынан турак жай үчүн ажыратылган
1200, 0 га жер аянты жөнүндө.
Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясына сунушталган маселелер угулуп талкууланып Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13- статьяларына жана турак жайга муктаж атуулдардын арыздарына негиз айылдык кеңешин сессиясы токтом кылат:
1.Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 21- яеварь №1-4/ 05 токтомунун негизинде “Дюкер” учаскасынан ажыратылган 1200, 0 га жер аянтына 2 контурдан 700, 0 га жана 500,0 га жерге ген план түзүлгөн. Бирок турак жайга муктаж атуулдардан түшкөн арыздар көп болгондугуна байланыштуу түзүлгөн 500, 0га жер аянтын ичинен 104, 0 га жер , 700, 0 га түзүлгөн башкы пландын түндүк батыш тарабына 76, 0 га түштүк чыгыш тарабына өзгөртүп жайгаштырууга уруксат берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак- Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М. Сатыбалдыев жана жер адистерине жүктөлсүн.
Төрайым Ахунова С.

