Ак- Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги XII сессиясынын
№ 33 ТОКТОМУ
21.04. 2022-жыл. Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга
жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда Республикалык бюджеттин эсебинен түшкөн 1483,1миң сом максаттуу трансферттерди айыл өкмөтүнүн Өтүкчү жана Кызыл-Коргон айылдарына генералдык план жасоо үчүн иштетүүгө 2022-жылдын жергиликтүү бюджетин каржылоо үчүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрду жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кожояровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин каражаттарына № 1 тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
Тиркеме тиркелет
2.Бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрун максатуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кожояровго милдеттендирилсин.
3.Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы жана Экономика Министрлигинин Кадамжай башкармалыгынан суралсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет-экономика жана жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Ахунова С.
Ак-Турпак айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын
кезектеги 12-сессиясынын 2022-жылдын 21-апрелиндеги
№33 токтомуна №1 тиркеме
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө маалымат
Бюджеттик каражаттар
| Экономик
классифик |
Мазмууну | Сумма | ||||
| Жалпы | 1 кв | 2 кв | 3 кв | 4 кв | ||
| Кирешелер | 1483,1 | 0,0 | 1483,1 | 0,0 | 0,0 | |
| 14232400 | Максаттуу трансферттер | 1483,1 | 1483,1 | |||
| Чыгашалар | ||||||
| Башкаруу аппараты 70111 | ||||||
| 3113 | Башка негизги каражаттар | 1483,1 | 0,0 | 1483,1 | 0,0 | 0,0 |
| 31132290 | Дагы башка укуктарды жана материалдык эмес активдерди алуу | 1483,1 | 1483,1 | |||
Катчысын милдетин аткаруучу М. Жолчуева

