Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы ТОКТОМ 2026-жылдын 7-апрели № 13

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы

ТОКТОМ

2026-жылдын 7-апрели  № 13                                                                       Жаңы-Жер айылы

Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган 5 (беш) долбоорго өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоорлорго Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн өздүк салымын ажыратып берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 108 сунуш катын карап чыгып, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

  1. Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан жалпы сметалык баасы 10 млн 800 миң сомду түзгөн 5 (беш) долбоорго өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен 4 млн 763 миң 963 сом акча каражаты ажыратылып берилсин. Долбоорлор боюнча маалымат 1-тиркемеде.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 Төрага                                                                                   А. Имаров


Ак-Турпак айылдык кеңешинин          VIII чакырылышынын      

2026-жылдын 7-апрелиндеги

кезектеги XVII сессиясынын   

№ 13 токтомуна 1-тиркеме

 

 

Долбоорлор

 

  1. Сары-Камыш айылына электр линиясын тартуу долбоору.

Суралуучу сумма –  1 000 000 сом, өздүк салым – 333 359 сом.

  1. Жетиген, Жаш-Тилек жана Келечек айылдарына баруучу 1 км негизги авто жолуна асфальт төшөө долбоору.

Суралуучу сумма – 5 000 000 сом, өздүк салым – 2 000 000 сом.

  1. Ак-Турпак айыл аймагына таза суу үчүн долбоорлоого (ДСД жасатуу) долбоору.

Суралуучу сумма –  1 500 000 сом, өздүк салым – 1 200 000 сом.

  1. Жаңы-Жер айылындагы борбордук стадиондун айланасын тосмо тосуу долбоору.

Суралуучу сумма –  1 800 000 сом, өздүк салым – 450 231 сом.

  1. Жаңы-Жер айылындагы “Алтын-Ай” балдар бакчасынын имаратынын эки бөлмөсүн учурдук оңдоодон өткөрүү жана чатырын алмаштыруу долбоору.

Суралуучу сумма –  1 500 000 сом, өздүк салым – 780 373 сом.

 

 

Ак-Турпак айылдык кеңешинин

жооптуу катчысы                                                                                                 Н.Насибалиев

Жооп калтыруу