Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 7-апрели № 12 Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл аймагындагы жайыт жерлеринде өскөн
“Чайыр” (ферула) өсүмдүгүн казып алууга макулдук берүү жөнүндө
“Чайыр” өсүмдүгүнүн ширесин жыйноо үчүн жеке жана юридикалык жактардан келип түшкөн арыз, кайрылуулардын негизинде, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн алдындагы “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын ( мындан ары МИ) башчысы М.Ботобековдун билдирүүсүнө ылайык айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 108 сунуш катын карап чыгып, талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 108 сунуш каты канааттандырылсын.
- “Чайыр” өсүмдүгүнүн ширесин жыйноо үчүн келип кайрылган жеке жана юридикалык жактар менен “Ак-Турпак” МИ нын ортосунда, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык “Чайыр” өсүмдүгүнүн ширесин жыйноо иш аракеттерин жүргүзүү боюнча келишим түзүүгө макулдук берилсин.
- Келишим түзүү иштерин жүргүзүүгө айылдык кеңештин Айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы же айылдык кеңештин алдында убактылуу түзүлгөн комиссия сөзсүз катышсын.
- Келишим түзүү иштерин жүргүзүүдө айылдык кеңештин туруктуу же убактылуу комиссиясы, айыл өкмөтү жана Ак-Турпак” МИ биргеликте иш алып барышсын.
- “Чайырдын” ширесин жыйноо иштерин уюштурган тараптар менен айыл өкмөтүнүн түзгөн келишиминде жергиликтүү бюджетти көтөрүү жана социалдык пайда алып келүүчү шарттар сөзсүз коюлсун.
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Джеенбаевге милдеттендирилсин.
Төрага А. Имаров

