Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 9-февралы № 2 Жаңы-Жер айылы
№ 24 “Кызыл-Коргон” жалпы билим берүү мектебине мамлекеттик коомдук ишмер Төрөбай Кулатовдун ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан сунушталган тарыхый белгилүү инсандардын тизмесинин жана № 24 “Кызыл-Коргон” жалпы билим берүү мектебинин жамаатынын протоколунун негизинде, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 5-февралындагы № 20 сунуш каты айылдык кеңештин депутаттары тарабынан каралып, талкууланып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин алдындагы комиссиясы жөнүндө Жобого ылайык, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
- № 24 “Кызыл-Коргон” жалпы билим берүү мектебине мамлекеттик жана коомдук ишмер Төрөбай Кулатовдун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздары Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин алдындагы комиссияга белгиленген тартипте жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.
Төрага А.Имаров

