Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы ТОКТОМ 2026-жылдын 9-февралы № 1

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 9-февралы  № 1                                                                         Жаңы-Жер айылы

Бүргөндү магистралдык каналын чоңойтуп

 реконструкциялоо иштерине байланыштуу чаралар жөнүндө

            Бүргөндү магистралдык каналын чоңойтуп реконструкциялоо иштери                    2026-2030-жылдары (5 жылдык мөөнөттө) этап-этабы менен жүргүзүлөөрүн эске алып, бул мезгил аралыгында жергиликтүү калктын турмушуна ыңгайсыздыктарды болтурбоо максатында Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге:

– 2026-2030-жылдар аралыгында жыл сайын 1-октябрдан кийинки жылдын                    1-мартына чейинки 5 айлык мөөнөттө каналда суу болбой тургандыгы тууралуу калк арасында алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

– көрсөтүлгөн мезгил аралыгында калкты ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тиешелүү уюштуруу-техникалык чараларды көрүү жагы милдеттендирилсин.

  1. Каналды чоңойтуп реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн мезгил аралыгында калкты ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууда жана курулуш иштеринин сапаттуулугун көзөмөлгө алууда айыл өкмөтү менен биргеликте иш алып баруу жагы Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынан суралсын.
  2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

Төрага                                                                                                       А.Имаров

Жооп калтыруу