Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы ТОКТОМ 2025-жылдын 2-декабры № 44

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы

ТОКТОМ

2025-жылдын 2-декабры  № 44                                                                       Жаңы-Жер айылы

Көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоонун наркын бекитүү жөнүндө

 Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 248 сунуш каты айылдык кеңештин депутаттары тарабынан каралып, талкууланып, 2024-жылдын                  22-февралындагы Кыргыз Республикасынын “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” № 53 Мыйзамына  ылайык, Кыргыз Республикасынын  Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 502 токтомун аткарууга алуу жана көрүстөндөрдү пайдаланууну тартипке келтирүү жана көмүү жайларын брондоо кызматтары боюнча экономикалык негизделген наркты аныктоо максатында, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо кызматы боюнча наркты аныктоо үчүн даярдык иштери жүргүзүлсүн.
  2. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге:

– көрүстөндөрдү кармоо, тейлөө жана уюштуруу боюнча чыгымдарды эске алуу менен көмүү жайларын брондоонун экономикалык негизделген наркын эсептеп чыгуу;

– эсептелген нарк боюнча тарифтердин долбоорун даярдоо;

– тарифтердин долбоору боюнча коомдук талкуу өткөрүү;

– калк арасында көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби жана сунушталып жаткан нарк боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

– коомдук талкуунун жыйынтыгы жана эсептөөлөр менен бирге бул токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды айылдык кеңештин кароосуна алып келүү жагы тапшырылсын.

  1. Көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоонун так наркы бул токтомго тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийин айылдык кеңештин сессиясында бекитилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар, спорт, жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                       А.Имаров

Жооп калтыруу