Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-августу № 35 Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл аймагындагы коомдук пайдалануудагы асфальт төшөлгөн мамлекеттик жолдордо шалы (күрүч) жайып кургатууга тыюу салуу жөнүндө
Шалыны (күрүчтү) автожолдорго жайып кургатуунун себебинен жол транспорт кырсыктары жана башка кооптуу окуялар катталып жаткандыктан, жол коопсуздугун камсыздоо жана мыйзамдуулукту сактоо максатында, “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 3-пунктуна ылайык Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Мындан ары Ак-Турпак айыл аймагындагы коомдук пайдалануудагы асфальт төшөлгөн мамлекеттик жолдорго шалы (күрүч) жайып кургатууга тыюу салынсын.
- Дыйкандардын оруп-жыйнаган шалы дандарын (күрүч) кургатууга болгон муктаждыгын эске алуу менен, шалы кургатуучу жайларды (сушилкаларды) куруу максатында мамлекеттик жана жеке инвесторлорду тартуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
- Айылдык кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери биргелешип калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
- Мыйзамга баш ийбестен өз алдынча шалыны (күрүчтү) жолго жайган жарандарга тиешелүү мыйзамдардын чегинде чара көрүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
- Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага А.Имаров

