Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы ТОКТОМ 2025-жылдын 1-июлу № 32

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы

ТОКТОМ

2025-жылдын 1-июлу  № 32                                                                            Жаңы-Жер айылы

            Кызыл-Коргон айылындагы 0,05 га жер аянтын Ж.Садиров атындагы милиция бөлүмүнүн карамагына өткөрүп берүү жөнүндө

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-июлундагы № 138 сунуш каты айылдык кеңештин депутаттары тарабынан каралып, талкууланып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине жана 25-беренесинин 2-пунктуна ылайык, социалдык муктаждыктарды канааттандыруу максатында, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Кызыл-Коргон айылындагы медициналык пунктка бөлүнгөн жалпы 0,13 га жер аянтынан ажыратылган 0,05 га жер аянты Ж.Садиров атындагы милиция бөлүмүнүн карамагына өткөрүлүп берилсин.
  2. Жер аянтын өткөрүп берүү иштерин мыйзамдуу уюштуруу жана тийиштүү тартипте аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                                       А.Имаров

Жооп калтыруу