Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы ТОКТОМ 2025-жылдын 1-июлу № 29

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы

ТОКТОМ

2025-жылдын 1-июлу  № 29                                                                            Жаңы-Жер айылы

“Таштандыларды чогултуу үчүн жыйым” (вывоз мусор) беренесин

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн кирешелер бөлүгүнөн алып салуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, ошондой эле калктын социалдык абалын жана жыйымдардын натыйжалуулугун эске алуу менен, айыл өкмөтүнүн сунушун  карап чыгып, кеңири талкуулап, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгүндөгү “Таштандыларды чогултуу үчүн жыйым” (вывоз мусор) беренеси 2026-жылдын 1-январынан тартып кирешелер бөлүгүнөн алынсын.
  2. Таштандыларды чогултуу жана чыгаруу кызматын “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасы ишке ашырсын.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                                       А.Имаров

Жооп калтыруу