Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 1-июлу № 27 Жаңы-Жер айылы
Жаңы-Жер, Кара-Тумшук жана Калача айылдарынын
Башкы пландарын бекитүү жөнүндө
Ак-Турпак айыл аймагындагы Жаңы-Жер, Кара-Тумшук жана Калача айылдарынын Башкы пландарын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп, талкуулап, айылдардын өнүгүүсүн пландаштыруу, калк үчүн ыңгайлуу жашоо-шарттарды түзүү жана инфраструктураны өнүктүрүү максатында, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл аймагындагы Жаңы-Жер, Кара-Тумшук жана Калача айылдарынын Башкы пландарынын долбоорлору жактырылып, бекитилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.
Төрага А.Имаров

