Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 1-июлу № 26 Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл аймагынан 1000 (бир миң) га жер аянтын
узак мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-июлундагы № 132 сунуш каты айылдык кеңештин депутаттары тарабынан каралып, талкууланып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7-беренесине жана 18-беренесинин 3-пунктуна ылайык, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жана жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү максатында, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
- “КСЭ ГРУПП КОМПАНИ” ЖЧК сынын түрк инвесторлору менен биргеликте күн жана шамал энергиясынан кайра жаралуучу электр энергиясын өндүрүү максатында сураган Ак-Турпак айыл аймагындагы 1000 (бир миң) га жер аянтын узак мөөнөткө ижарага берүүгө макулдук берилсин.
- Жер аянтын ижарага берүү иштерин мыйзам чегинде уюштуруу жана тийиштүү тартипте аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
- Түзүлө турган эки тараптуу келишимде жергиликтүү элдин муктаждыктарын камсыз кылуу жана социалдык-маданий өнүгүүгө салым кошуу чаралары белгиленсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.
Төрага А.Имаров

