Ак-Турпак айыл аймагынын 2025-2027 – жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы

                       

Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 19-токтому менен бекитилди

 

Ак-Турпак айыл аймагынын 2025-2027 – жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы.

 

 

1-БӨЛҮМ. АЙМАКТЫН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ  
 
Географиялык абал Ак-Турпак айыл аймагы Баткен  облусунун чыгыш тарабындагы Кадамжай районунун батыш тарабында  жайгашкан. Аймак чыгыштан Молдо-Нияз  айыл аймагы менен, батыштан Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагы менен чектешет, түштүк батыш тарабы Өзбек Республикасы менен жана  түндүк тарабынан Өзбек Республикасынын Риштан району менен чектешет. Айыл аймактын борбору – Жаңы-Жер айылы. Республиканын борборуна чейинки аралыгы 1000 км, облустун борборуна чейинки аралыгы 60 км ал эми райондун борборуна чейинки аралыгы 76 км. Айыл аймагы 1996 – жылы уюштурулган.
Жалпы аянты (Га) 66725га
Ландшафт жана жаратылыш шарттары Ак-Турпак айыл аймагы негизинен тоолуу аймак болуп эсептелинбейт. Айыл аймак, деңиз деңгээлинен 800-1386 метр бийиктикте жайгашкан. Кескин континенттик климат айыл чарбасынын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизет. Кыш мезгили 3 айга созулат жана, минималдуу төмөнкү температура -10 оС жетиши мүмкүн. Жаз мезгилинде температура +45 оС чейин жетиши мүмкүн. Жайында орточо температура +30 оС, кышында  -5 оС

 

АА калкы (адам), аялдардын саны: анын ичинде (айылдарда): 3946 кожолук 19040 калк анын ичинен  аялдар 9026
Жаңы-Жер айылы (айыл аймактын борбору) 3819 анын ичинен аялдар 1833
Өтүкчү 655 анын ичинен аялдар 308
Сары-Камыш 24 анын ичинен аялдар 11
Кызыл-Коргон 937 анын ичинен аялдар 478
Кара-Тумшук 256 анын ичинен аялдар 118
Ак-Турпак 711 анын ичинен аялдар 356
Токой 266 анын ичинен аялдар 136
Чогорок 277 анын ичинен аялдар 140
Чоң-Кара 377 анын ичинен аялдар 199
Калача 335 анын ичинен аялдар 159
Миң-Чынар 4719 анын ичинен аялдар 2361
Жаш-Тилек 720 анын ичинен аялдар   361
Келечек 596 анын ичинен аялдар 291
Өрүк-Зар 3579 анын ичинен аялдар 1700
Жетиген 1120 анын ичинен аялдар 555
СЭӨПнын максаты
  1. 2025-жылдан 2027-жылга чейин айыл аймактын баардык тараптарын жана калкынын жашоо шарттарын 100 % жакшыртуу;
  2. Айыл аймактын экономикалык-социалдык жана экологиялык бакубатчылыгын ондоо;
  3. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, спортту өнүктүрүү жана маданият тармагында жаңы имараттарды куруу;
  4. Айыл чарба тармагында инновациялык өнүгүүгө багыт алуу;
  5. Программада каралган иш-чара пландоонун социалдык инфраструктурасы жакшырат жана калктын аярлуу катмарына жеткиликтүү болот. Айыл аймагынын баардык тармактарында өнүгүү менен жергиликтүү тургундарынын жашоо шарттары жакшырат.

 

 
2-БӨЛҮМ. КАЛК  
 
2.1. (таблица) Калк жана эмгек ресурстары  
Категория факт күтүлгөн. Прогноз
2021 ж. 2022 ж. 2023 ж. 2024 ж. 2025 ж. 2026 ж. 2027 ж.
Жыл башындагы туруктуу калктын саны (адам) 16912 17056 17722 18391 19041 19180 173
Өсүш темпи %   0.8% 3.9% 3,77% 1,4% 2,8% 1,4%
анын ичинде аялдар 8307 8651 8682 9026 9053 9085 9112
Жыл башындагы эмгекке жарамдуу курактагы туруктуу калктын саны, (адам) 6087 6172 6299 6415 6504 6595 6687
Өсүш темпи (%)   1,3% 2,05% 1,8% 1,2% 1,3% 1,4%
анын ичинде аялдар 3087 3103 3160 3207 3265 3312 3379

 

 

Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча иштеген калктын саны (адам): 6087 6172 6299 6415 6504 6621 6780
Айыл чарба 5380 5421 5495 5503 5580 5658 5737
Өнөр жай: 125 163 195 244 260 285 350
Иштетүүчү 0 0 0 0 0 0 0
Электр энергиясы 8 9 12 15 17 19 21
Курулуш 40 45 63 72 85 90 110
Соода 120 135 140 150 160 180 200
Транспорт жана байланыш 35 43 51 65 68 75 80
Башка кызматтар 0 0 0 0 0 0 0
Калдыктарды кайра иштетүү 0 0 0 0 0 0 0
Жумушсуздардын саны (адам): 783 817 796 835 755 687 605
Өсүш темпи   4,3 0,97 4,8 4,1 0,9 0,6
анын ичинде аялдар 396 409 377 390 361 303 285
Жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде турган калктын саны (адам) 462 430 503 421 349 317 275
Өсүш темпи   0,7 6,9 0,8 0,8 0,9 0,9
Миграцияланган эмгекке жарамдуу калктын саны (эл аралык миграция боюнча кеткендер, адам) 841 946 889 912 865 811 727
Өсүш темпи (%)   12,5 -6,4 2,5 -5,4 -6,6 -11,5
 
2.2. Эмгекке жарамдуу калктын өсүшүн, иш менен камсыз кылуу жана эмгек миграциясы маселелерин талдоо  
2024-жылы Ак-Турпак айыл аймагынын жалпы калкы 18 391 адамды түздү, анын ичинен 9026 эркектер, аялдардын саны 8649 адам. Жылына төрөлгөндөрдүн саны 482 баланы түздү. Калктын өсүшүнүн болжолу жылына калктын өсүшүнүн 1% ашпайт. Божомолдоодо орто мөөнөттүү келечекте ички жана тышкы миграциянын өсүшү күтүлбөй тургандыгы, ошондой эле калктын сырттан агылып келиши эске алынган. Болжолдонгон калктын саны калктын табигый өсүшү жана азайышы менен жөнгө салынат.

Эмгекке жарамдуу калктын саны 6415 адамды түзөт. Орто мөөнөттүү келечекте эмгекке жарамдуу калктын өсүшү жогорку темптерди көрсөтпөйт жана болжол менен ошол эле деңгээлде сакталат, бирок бул мезгилден кийин бул чараларды ишке ашыруунун эсебинен жогору көрсөткүчтөрдү күтүүгө болот. Экономиканы өнүктүрүүгө багытталган программа, бул жаштардын сыртка агылышын олуттуу кыскартууга жана ошону менен эмгекке жарамдуу калктын кыйла олуттуу өсүшүнө алып келиши мүмкүн.

Ак-Турпак айыл аймагында 2024-жылы жалпы эмгекке жарамдуу калктын иш менен камсыз болгон калктын үлүшү 6415 адам 38%ды түздү, бул кыйла жогору көрсөткүч жана болжолдуу эсептөөлөр боюнча ал азайбайт, ал тургай өсүүнү көрсөтөт. 2027-жылга божомол менен 1,5% өсүүнү түздү. Иш менен камсыз кылууда эң чоң үлүштү айыл чарбасы ээлейт – кызматкерлердин жалпы санынын 85% (2024-ж. 9455адам). Өнөр жай, соода жана курулуш сыяктуу ишмердүүлүктүн башка тармактары кызматкерлердин жалпы санында 15% дан ашпаган үлүшүн көрсөтүү менен кыйла артта калууда. Бул АА аймагынын жана бүтүндөй региондун экономикасынын айыл чарба багыты менен алек болот дегенди түшүндүрүлөт.

ААда расмий катталган жумушсуздардын саны 577 адамды түзөт, бул эмгекке жарамдуу калктын 9% түзөт  – бул жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Болжолдоо жумушсуздардын санынын кескин өсүшүн болжолдойт, анткени мындай өсүшүнүн себеби жаштардын эмгек акылардын аздыгына жана жумуш орундардын жетишсиздигине байланыштуу чет өлкөлөргө иштегени кетишүүдө. Ошол эле учурда өнөр жай өндүрүшүнүн жана чакан бизнестин начар өнүгүшүнөн улам жумушсуздуктун өсүшүнүн олуттуу тобокелдиктери бар, ошондуктан СЭӨП  экономиканы өнүктүрүү жана инклюзивдик өсүү бөлүмдөрүндөгү саясаты калкты көбүрөөк иш менен камсыз кылуу боюнча чараларды камтыйт. Анын ичинде айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды жана фабрикаларды куруу, ошондой эле ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү ниеттери бар. АА аймагынын мейкиндик өзгөчөлүктөрүн караган бөлүмүндө жаңы өнөр жай зоналарын түзүү (жер участокторун өнөр жай жерлерине айландыруу аркылуу) каралган.

Миграцияланган эмгекке жарамдуу калктын саны 2024-жылга карата 912 адамды түздү – республиканын башка региондорунун көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу бул сан орто. Ал эми бул көрсөткүч башка аймактарга салыштырмалуу өтө деле көп эмес, бирок жаштар үчүн келечектүү жумуш орундарынын жоктугунан, ошондой эле ички миграциянын пайда болушу мүмкүн болуучу тобокелдиктерин эске алуу зарыл. Жаштарды ААа экономикада үстөмдүк кылган айыл чарба тармагында иштеши керек.

СЭӨП калкты иш менен камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашырууну карайт:

–        жаштарга ар кандай тренингдерди жана билим берүү курстарын табууга жана бүтүрүүгө көмөк көрсөтүү;

–        үйдө отурган аялдарды жана кыздарды бала бакчаларга жана тигүү цехтерине жумушка тартууга жардам берүү;

–        бизнес ачууда калкка жардам көрсөтүү.

Корутундулар жана сунуштар :

Калктын жалпы санынын өсүшү анча деле чоң эмес – жылына 1%, ал калктын табигый өсүшү жана табигый азайышы менен гана жөнгө салынат.

Эмгекке жарамдуу калктын саны бир аз өскөн .

Эмгекке жарамдуу калктын жалпы санында айыл чарба тармагында иштеген калктын үлүшү кыйла жогору – 91% жана өсөт.

Жумушсуздуктун деңгээли жогору эмес – эмгекке жарамдуу калктын 9%.

Миграцияланган эмгекке жарамдуу калктын саны республиканын башка аймактарына салыштырмалуу божомолдуу орто болуп эсептелинет.

Иш менен камсыз кылууну мындан ары да камсыз кылуу, экономиканы: айыл чарбасынын басымдуу секторун жана  өнөр жайды өнүктүрүүгө негизделет.

 
 
3-БӨЛҮМ. КЫЗМАТТАР ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ИНФРАСТРУКТУРА  
 
3.1. (таблица) Кызматтар жана жергиликтүү инфраструктура  
Категория факт күтүлгөн. прогноз
2021 ж. 2022 ж. 2023 ж. 2024 ж. 2025 ж. 2026 ж. 2027 ж.
Ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк (%) 0% 2% 10% 15% 20% 50% 50%
Кожолуктарды катуу тиричилик калдыктары (КТК) ташып чыгаруу менен камтуу (%) 0% 0% 0% 50% 80% 100% 100%
Ички жолдордун жалпы узундугунан канааттандырарлык абалдагы асфальтталган ички жолдордун үлүшү (%) 1% 1% 12% 15% 20% 22% 24%
Көчөлөрдүн жалпы санынан жарыктандырылган көчөлөрдүн үлүшү (%) 5% 8% 15% 30% 35% 40% 50%
Спорттук секцияларга тартылган жарандардын саны (адам) 300 450 600 800 800 1000 2000
Маданият чөйрөсүндөгү ийримге катышкан жарандардын саны (адам) 60 65 80 150 180 200 300
Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу (%) 15 % 16% 16% 22% 30% 35% 50%
Балдарды мектептик билим менен камтуу (%) 99,9% 99,9% 100% 100% 100% 100% 100%
Медициналык персонал менен камсыздоо деңгээли (адам) 50 52 55 55 60 60 65
Калктын турак жай менен камсыз болушу (бир тургунга жалпы аянттын кв. м) 15 15 12,5 12,5 12 12 10
(башка көрсөткүчтөр)              
 
3.2. Учурдагы кырдаалды анализдөө  
Таза суу

Таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу: 2024-жылга карата 15 % гана эл таза суу менен камсыз болгон. Бүткүл дүйнөлүк өнүктүрүү банкы тарабынан Ак-Турпак айыл аймагындагы суу бою айылдары жалпы 650 кожолука  2028-жылга карата “тунук суу” долбоорунун алкагында айыл аймактын 7 айылы ичүүчү таза суу менен камсыз болот. Калган айылдарга этап менен 2032-жылга чейин 100 пайызга таза суу менен камсыз болот.

Таштанды чыгаруу

Үй чарбаларын катуу калдыктарды чыгаруу менен камтуу ошондой эле көйгөй болуп саналат жана 2024-жылы «Ак-Турпак» Муниципалдык ишкана түзүлүп, Кадамжай райондук өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен 2 600 000 сом акча каражатына 2 мусор ташуучу Hyunday Porter үлгүсүндөгү  авто унаа алынды. 2025-жылга карата муниципалдык ишкана үчүн чоң таштанды ташуучу авто унаа сатып алуу пландалган. 2025-жыл башынан айыл аймактын баардык айылдарында таштанды чыгаруу боюнча график түзүлүп, 2025-жылдын биринчи 6 айлыгында 80% деңгээлинде кызмат көрсөтүлөт. Айыл аймагындагы бардык айылдарына таштанды таштоочу жерлер (полигон) бөлүнүп берилген. 2024-жыл ичинде Миң-Чынар, Жаңы-Жер, Жетиген айылдарынын таштанды таштоочу жерлери тосулду. 2025-жыл бюджетинен калган айылдардын таштанды таштоочу жайлары тосулуп ГОС АКТылары бүткөрүлөт. 2025 -жылдын башынан таштанды чыгаруу тарифи ар бир үй үчүн 100-150 сом айына белгиленмекчи.

Ички жолдор

Ички жолдордун абалы: Айыл аймактын ички жолдорунун узундугу жалпы 133 км түзөт. 2024-жылы айыл аймагындагы асфальтталган жолдордун үлүшү 15% түзөт. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен жыл ичинде эң азында 2 км аралыка асфальт төшөө иштери пландалган.

Айыл аймагынын жол тармагы төмөнкүдөй көйгөйлөргө туш болууда:

–        АА аймагындагы ички жолдорду асфальттоого каражат жетишсиз;

–        Айыл ичиндеги чоң жолдун боюнда жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуардын жоктугу;

–        Керектүү сандагы жол белгилеринин жоктугу;

–        Кээ бир үй чарбаларында үй, тосмо же дубал тротуар линиясына чейин созулат;

–        Таштак жолдордо шагыл жок;

Алдынкы үч жыл ичинде 40% асфальтталган жолдорго жетишүү күтүлүүдө, бул үчүн жыл сайын 5 км жолго асфальт төшөө керек. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен сырткары элдик салым менен асфальт төөшөө иштери үзгүлтүксүз болууда.

Коомдук жайларды көчөлөрдү жарыктандыруу менен камтуу 2024-жылы 30% түздү, бул маселени чечүү каражаттын жетишсиздиги жана айыл аймагындагы калкы тарабынан уюштурулган демилгелердин жоктугу менен татаалдашат. Алдынкы үч жыл ичинде 50% га чейин жогорулатуу күтүлүүдө. Үлгү катары Миң-Чынар айылында жарыктандыруу айыл ичиндеги көчөлөрдү 100% га элдин эсебинен бүткөрүлдү. Асфальт төшөө жана жарыктандыруу иштеринде башка айылдарга да жайылтуу керек.

Спорт

 Айыл аймагындагы спортчулардын саны 2024-жылга карата 500 адам, бул чоң көрсөткүч эмес, бирок 2027-жылга карата спорттук машыгуу үчүн материалдык базаны өнүктүрүү жана спортту жайылтуу жолу менен аны 1000 адамга жеткирүү пландаштырылууда. Жаңы-Жер айылына спорт зал куруу муктаждыгы жыл сайын көтөрүлүп келет, бул маселе 2027-жылга чейин ишке ашырылат. Жыл сайын айыл өкмөтү тарабынан спорттук иш чаралар өткөрүлүп келүүдө, бул багытта иш чараларды өткөрүү көбөйтүлөт.

Айыл аймакта спорттун өнүгүшүнө төмөнкү маселелер таасир этет:

–        Айыл жергесинде спорттук оюндарды өткөрүү боюнча демилгелердин жоктугу;

–        Улуттук оюндарды өткөрүүгө колдоонун жоктугу;

–        Улуттук  оюндарын өткөрүү үчүн ипподромдун жоктугу;

–        Олимпиядалык спортторго көңүл буруунун аздыгы;

–        Аялдар үчүн атайын фитнес клубдун же атайын ден соолукту чыңдоо борборунун жоктугу;

Маданий өнүгүү

Айыл аймакта 1 маданият үйү бар, айыл аймагынын борбору Жаңы-Жер айылында жайгашкан. 2024-жылга карата маданий иш-чараларга катышуучулардын саны 30 адамга жакын  түзөт.

Билим берүү

Ак-Турпак айыл аймагында 9 орто мектеп 3 бала-бакча бар. Билим берүүдөгү негизги көйгөйлөр мектепке чейинки билим берүү тармагына байланыштуу, бала бакчалар жетишсиз. Жетиген айылына 420 орундуу мектеп куруу заарыл, себеби учурда айылдагы окуучулар 8 – 12 км аралыктагы башка коңушу айылдардын мектептерине барышып окушат. Токой айылына 240 орундуу мектеп куруу боюнча долбоорун 2028-жылга чейин ишке ашыруу пландалган.  2024-жылы мектепке чейинки билим берүү кызматтары менен балдардын 22% гана камтылган. СЭӨПтө каралган чаралардын аркасында 2027-жылы балдарды бул кызматтар менен камсыз кылуу 50% га көбөйүшү керек.

Саламаттыкты сактоо тармагы:

Жаңы-Жер айылында ЖДПБ (поликлиника) ошондой эле 8 айылда ФАП кызмат кылат бул мекемелерде жалпысынан 55 медициналык кызматкерлер бар анын ичинен үч гана врач иштейт. Учурда оорукана капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Бирок, кээ бир медициналык жабдуулар жок. Айылдын санитардык абалы канааттандыраарлык, жугуштуу оорулардын чыгышы, бала бакчаларды, мектептерди жабуу фактылары катталган жок.

Саламаттыкты сактоо тармагында төмөнкүдөй көйгөйлөр байкалат:

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кадрлардын жетишсиздиги;

–        Врачтардын жетишсиздиги;

Корутундулар жана сунуштар

  1. Ак-Турпак айыл өкмтү боюнча жалпы ортолук эсептелген Миң-Чынар айылына 2027-жылы борбордук ооруукана салуу.
  2. Жергиликтүү аймактын инфраструктурасы, аны менен коштолгон кызматтар сыяктуу эле олуттуу жакшыртууга муктаж. Тиричилик таштандыларын чыгаруу үчүн материалдык жана техникалык базаны чындоо керек, бул маселе чечилсе калты тейлөөнү 80-90% жеткизсек болот.
  3. Ички жолдорду абалын жакшыртуу.
  4. Маданиятты жана спортту өнүктүрүү үчүн жаңы обьектилерди куруу жана  жабдууларды сатып алуу.
  5. Мектепке чейинки мекемелерде орундардын жетишсиздиги көйгөйү бар – балдардын 30%ы гана мектепке чейинки билим берүү кызматтары менен камсыздалган. Жаңыдан мекетептерди жана бала бакчаларды куруу (ачуу) маселеси эң орчундуу болуп келүүдө.

Ошентип, көпчүлүк кызматтарды көрсөтүүнүн деңгээли жана жергиликтүү маселелердин чечилиши айыл аймагындагы инфраструктурасынын абалынан көз каранды, бул олуттуу инвестицияны талап кылат. СЭӨП жергиликтүү инфраструктураны калыбына келтирүү боюнча кадамдарды, анын ичинде жол участокторун жана бала бакчаларды курууну карайт. Бул долбоорлордун айрымдары республикалык бюджеттик инвестициялардын,  өнүктүрүү фондтору менен кызматташуунун алкагында макулдашылган. Кээ бир долбоорлор үчүн каржылоону табыш керек.

 
3.3. Жергиликтүү коомчулуктун артыкчылыктуу муктаждыктарына анализ жүргүзүү  
Артыкчылык Мүмкүн болгон чаралардын жалпы сүрөттөлүшү Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр
Биринчи кезектеги муктаждыктардын бири айыл ичиндеги ички көчөлөрдү асфальтоо Жалпы аймак боюнча жылына 5 км ички жолдорду асфальтоо Жыйынтыгында 30 км көчөлөр асфальтанылып жалпы жолдордун 25% камтылат.
Таштанды чыгаруу кызматын жакшыртуу максатында «Ак-Турпак» муниципалдык ишканасынын материалдык техникалык базасын чындоо «Ак-Турпак» муниципалдык ишканасына Hyunday Porter үлгүсүндөгү  авто унаадан сырткары  2027-жылга чейин катуу таштанды чыгаруучу техника сатып алуу. Жалпы Hyunday Porter үлгүсүндөгү  авто унаа менен  3 даана болуп  калкты таштанды чыгаруу кызматы толугу менен айылдарда жүргүзүлөт.
Мектепке чейинки билим беруу кызматын уюштуруу жакшыртуу Жаңы-Жер айылына эски жатак интернатын капиталдык ремонттон өткөрүп бала бакча ачуу Жаңы-Жер айылына кошумча 120 бала мектепке чейинки билим алат
Жетиген, айылына  мектеп куруу Жетиген, айылында жаны 420 оорундук мектеп куруу Жетиген, айылында жаны мектеп курулуп 1000 ге жакын бала билим алганга шарт түзүлөт.
Токой, айылына мектеп куруу Токой, айылына жаны 240 орундук мектеп куруу. Ак-Турпак, Токой, Чогорок, Калача, Чоң-Кара айылдарынын окуучулары үчүн беш айылга бир Токой айылына жаңыдан мектеп курулат.
Миң-Чынар 2 айылына мектеп куруу. Миң-Чынар айылына 420 орундуу мектеп куруу 2025-2027жж аралыгында стимгранттан долбоор аркылуу, жергиликтүү бюджеттен  жана эл демөөрчүлөр менен биргеликте мектеп курулат.
Жаңы-Жер айылына спорт зал кууруу. Айыл өкмөттүк деңгээлде спорттук иш чараларды өткөрүү үчүн атайын чоң спорт зал куруу долбоорун ишке ашуруу.

 

 

2025-2027жж аралыгында стимгранттан долбоор аркылуу, Кадамжай өнүктүрүү фонду, жергиликтүү бюджеттен  жана эл демөөрчүлөр менен биргеликте спорт зал  курулат.
3.4. Социалдык жана жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө тиешелүү бюджеттик инвестицияларга керектөөлөргө анализ жүргүзүү  
Инвестициялык артыкчылыктар Мүмкүн болгон долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр Бааланган наркы (миң сом)

 

Биринчи кезектеги муктаждыктардын бири айыл ичиндеги ички көчөлөрдү асфальтоо Жалпы аймак боюнча жылына 5 км ички жолдорду асфальтоо Жыйынтыгында 30 км көчөлөр асфальтанылып жалпы жолдордун 25% камтылат. 35,000,0
Таштанды чыгаруу кызматын жакшыртуу максатында «Ак-Турпак» муниципалдык ишканасынын материалдык техникалык базасын чындоо «Ак-Турпак» муниципалдык ишканасына Hyunday Porter үлгүсүндөгү  авто унаадан сырткары  2027-жылга чейин катуу таштанды чыгаруучу техника сатып алуу 1 даана атайын каттуу таштандыларды чыгаруу үчүн техника сатып алынса аймакта тейлөө толугу менен корсотулуп баштайт. 4,500,0
Мектепке чейинки билим беруу кызматын уюштуруу жакшыртуу Жаңы-Жер айылына эски жатак интернатын капиталдык ремонттон өткөрүп бала бакча ачуу Жаңы-Жер айылына кошумча 120 бала мектепке чейинки билим алат 2,300,0
Жетиген, айылына  мектеп куруу Жетиген, айылында жаны 420 оорундук мектеп куруу Жетиген, айылында жаны мектеп курулуп 1000 ге жакын бала билим алганга шарт түзүлөт. Долбоор даярдалат
Токой, айылына мектеп куруу Токой, айылына жаны 240 орундук мектеп куруу.

 

 

 

 

 

 

 

 

Ак-Турпак, Токой, Чогорок, Калача, Чоң-Кара айылдарынын окуучулары үчүн беш айылга бир Токой айылына жаңыдан мектеп курулат. Долбоор даярдалат
Миң-Чынар 2 айылына мектеп куруу. Миң-Чынар айылына 420 орундуу мектеп куруу 2025-2027жж аралыгында стимгранттан долбоор аркылуу, жергиликтүү бюджеттен  жана эл демөөрчүлөр менен биргеликте мектеп курулат. Долбоор даярдалат
Жаңы-Жер айылына спорт зал кууруу. Айыл өкмөттүк деңгээлде спорттук иш чараларды өткөрүү үчүн атайын чоң спорт зал куруу долбоорун ишке ашуруу.

 

 

2025-2027жж аралыгында стимгранттан долбоор аркылуу, Кадамжай өнүктүрүү фонду, жергиликтүү бюджеттен  жана эл демөөрчүлөр менен биргеликте спорт зал  курулат. Долбоор даярдалат
БАРДЫГЫ

 

41,800,0
 
 
4-БӨЛҮМ. ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ  
 
4.1. (таблица) Экономикалык өнүгүү (миң сом)  
Категория факт күтүлгөн. прогноз
2021 ж. 2022 ж. 2023 ж. 2024 ж. 2025 ж. 2026 ж. 2027 ж.
Негизги фонддор (юридикалык жактар боюнча, үй чарба секторун эсепке албаганда)- (жылдын аягына карата толук наркы боюнча) 552130 577758 604150 613352 622080 631375 542135
Экономиканын негизги секторлору боюнча товарларды өндүрүү жана кызмат көрсөтүү көлөмү: 1586601 163912 1691502 1541450 1726358 193104 158669
Айыл чарба: 1108304 125329 1292333 1396560 140223 1550323 1173303
Өсүмдүк өстүрүү              
Мал чарбачылыгы              
Юридикалык жактардын өнөр жай продукциясынын көлөмү 503503 685735 600189 254731 302815 350533 384603
Өнөр жай кызматтары              
Жөнөтүлгөн продукциянын көлөмү 235111 235111 235111 235111 235111 235111 235111
Курулуш – негизги капиталга колдонулган инвестициялар – ар кандай объектилер боюнча жалпы суммада 116130 118035 226267 240133 270600 300600 310650
Экономикалык иштин түрлөрү боюнча көрсөтүлгөн рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү: 55135 56412 55785 56863 58825 60701 55347
Дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо 435 505 534 629 695 702 435
Мейманканалардын жана ресторандардын иши 985 910 1010 1165 1280 1565 985
Транспорттук иш-чаралар жана жүктөрдү сактоо 22145 22123 22734 24173 24413 24687 22145
Маалымат жана байланыш 1180 1290 1305 1421 1480 1501 1180
Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу 8053 9325 10351 11336 12855 13610 8053
Кыймылсыз мүлк операциялары              
Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк              
Административдик жана көмөкчү иш-чаралар 30 33 33 33 33 35 30
Билим берүү 1285 1340 1569 2553 2980 3310 1235
Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар 678 740 989 1206 1390 2230 2380
Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу 34 105 135 199 215 287 34
Башка тейлөө кызмат көрсөтүүлөрү 227 360 395 475 574 685 227
Түз инвестициялар:              
Айыл чарба              
Өнөр жай              
Курулуш              
Соода              
Транспорт жана байланыш              
Башка кызматтар              
Калдыктарды кайра иштетүү              
Калктын кирешеси:              
Орточо номиналдык эмгек акы 17815 21937 25950 31518 32895 38560 42586
Эмгек мигранттарынын которуулары              
Пенсиялардын орточо өлчөмү 7200 8063 8860 9060 10825 11570 12200
Жөлөкпулдардын орточо өлчөмү 1200 1305 1467 1475 1475 1780 1780
Чакан жана орто бизнестен түшкөн кирешенин орточо өлчөмү 18560 19707 11665 13775 14685 15680 18560
 

 

 

             
 

 

 

 

 

4.2. Учурдагы кырдаалды жана экономикалык адистешүүнү талдоо  
Ак-Турпак айыл аймагында айыл чарба продукцияларын өндүрүү, мал чарбачылыгы жана дыйканчылык (дан өүмдүктөрү) ишмердүүлгү башка экономикалык көрсөткүчтөргө караганда (85%) үстөмдүк кылат, соода жана башка секторлор (15%) АА аймагындагы өндүрүш көлөмүнө бир аз салым кошот.

АА экономикасында айыл чарбасынын чоң үлүшү аймактын экономикалык адистештирилгендиги менен түшүндүрүлөт, мында дыйканчылык алда канча алдыда турат. Айыл чарба продукциясынын өсүү темпи да бир топ жогору, ал 2024-жылдагы 5% дан 2026-жылы 6%ке чейин өсөт.

 Ошол эле учурда ААнын агрардык сектору дагы бир катар көйгөйлөр менен мүнөздөлөт:

–        Дыйкандардын жер иштетүү боюнча тажрыйбасы жетишсиз;

–        Айыл чарба техникасынын жетишсиздиги;

–        Өндүрүүчүлөр үчүн жеңилдетилген кредиттердин начар болушу;

–        Күйүүчү майдын баасынын туруксуздугу;

–        Айыл чарба продукциясын сатуу боюнча туруктуу соода түйүндөрүнүн жоктугу;

–        Айыл чарба продукциясын экспорттоого шарттын жоктугу;

–        Кайра иштетүүчү ишканалардын жетишсиздиги.

Мал чарба тармагында адистештирилген чарбалардан тышкары, сүт жана сүт азыктары үчүн уй малын пайдалануу кеңири колдонулат, бул үй чарбаларына кошумча пайда алып келет. Мындан тышкары, көрүнүктүү айыл чарба продукциясын өндүрүүдө анча активдүү эмес. 2024-жылы айыл өкмөтү тарабынан «Жетиген» айылында мал союучу жайы иштеп келүүдө. Мамлекеттин жана бейөкмөт уюмдардын жардамы менен фермерлерди, жаштарды жана калктын аярлуу катмарынын өкүлдөрүн окутуу боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Мал чарбачылыгын колдоо үчүн мындан ары фермерлерди окутуу программаларын колдоо, айыл чарбасында айыл чарба кооперативдерин түзүүгө дем берүү, жаш фермерлерге жардам көрсөтүү, калктын аярлуу катмарынын өкүлдөрүн мал чарбачылык көндүмдөрүн үйрөтүү пландаштырылууда. Ошондой эле алардын продуктуулугун жогорулатуу максатында жергиликтуу жана жаны породадагы уйларды асылдандыруунун жана багуунун эффективдуу методдорун ишке киргизуу боюнча чараларды ишке ашыруу белгиленген. Малды ветеринардык көзөмөлгө алуу жана эмдөө иштерин жакшыртуу боюнча чаралар каралат, ошондой эле саан уйларды багуу жана багуу технологиясы боюнча окуу-тарбия иштери жүргүзүлөт. Мындай иш-чараларга жаштардын,  жана калктын аярлуу катмарынын өкүлдөрүнүн катышуусуна өзгөчө көңүл бурулат.

ААнын аймагында климаттык шарттары айыл чарба өсүмдүктөрүн  өнүктүрүү үчүн жакшы өбөлгөлөр бар . Аймактын мал чарбасы адистештирилгендигин эске алып, бул жерде негизги басым тоют даярдоого бурулат. Буга көп жылдык чөптөрдүн жетисиздиги бар. ААнын климаттык шарттарында күрүч, картошка, сабиз, дан өсүмдүктөрү буудай, дандык жүгөрү өстүрүү келечектүү болуп саналат. Мындан ары өнүктүрүү үчүн жакшы өбөлгөлөр бар ошондуктан жылдан жылга күрүчтүн жакшы сортторун алып келүү керек. Өсүмдүк чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча чаралардын жана иш-чаралардын кеңири спектри каралат:

Экономиканын башка тармактары активдердин кыйла чектелген комплекси менен берилген. Бүгүнкү күндө ААда 155 дүкөн, 12 наабайкана,  2 тигүү цехи, 6 май куюучу жай, 3 даяр пластик терезе-эшик цехи,  Мурзакарим ЖЧК бетон заводу, 2 кирпич заводу, 19 күрүч акжуваз, 1 мал базары жана 1  базар бар. Учурда жеңил өнөр жай бир кыйла тез өнүгүп жатат: тигүү цехтери ачылып, аялдар жумуш менен камсыз болуп жатат. Экономиканын башка тармактарын өнүктүрүү үчүн төмөнкү чаралардын комплекси каралган:

–        калктын кеңири катмарына, анын ичинде аялдарга, жаштарга жана аярлуу топтордун өкүлдөрүнө ишкердиктин негиздерин үйрөнүүгө көмөктөшүү,  ишкер аялдарды окутуу жана финансылык сабаттуулук боюнча айыл тургундарынын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча жеке иш-чаралар;

–        айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө жана кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;

–        кол өнөрчүлүк борборун уюштурууга жана кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрүнө катышууга колдоо көрсөтүү;

–        Сары-Камыш айылы туристтик маршруттардын карталарына киргизилет,  жаратылышы тууралуу жарнамалык материалдар, анын ичинде туристтердин санын көбөйтүүгө жардам бере турган социалдык тармактарда; туристтер үчүн ыңгайлуу эс алуу жайларын уюштуруу боюнча тажрыйба алмашуу иш-чаралары уюштурулат;

Корутундулар жана сунуштар :

ААнын экономикалык адистешүүсү дыйканчылык бойдон калууда, анын үлүшүнө жалпы айыл чарба продукциясынын 85% туура келет . Буга климаттык шарттар жана ААнын географиялык жайгашуусу шарт түзөт. Мал чарбачылыгын мындан ары өнүктүрүү үчүн тоют менен камсыз кылууну көбөйтүү, фермерлерди окутуу жана ветеринардык көзөмөлдү жакшыртуу боюнча бир катар чаралар СЭӨПтө каралат.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрү орто, бул ААнын андан ары өнүгүүсүнө негиз болуп саналат. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жана жеңил өнөр жайын  өнүктүрүүнү колдоо зарыл.

АА үчүн келечектүү тармактардын бири дыйканчылык болуп саналат. Инновациялык жаңы техналогияларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн уюштуруу.

 
4.3. Экономикалык өнүгүү муктаждыктарын талдоо (анын ичинде тике (жеке) инвестициялар).  
Артыкчылык Мүмкүн болуучу чаралардын жана долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр Бааланган наркы (миң сом)
Биринчи кезектеги муктаждыктардын бири же жеке инвестициянын долбоору көрсөтүлөт, мисалы:

“Артыкчылык: бодо жана майда мүйүздүү малдар үчүн тоют базасын өнүктүрүү. Чара: жер-жерлердеги мүмкүнчүлүктөрдүн жана малды бордоп семиртүүнүн эсебинен мал чарбасынын тоют базасын жакшыртуу боюнча адистердин кеңешин уюштуруу”

алардан МЭРТ алуу”

Натыйжага жетүү үчүн эмне керек, мисалы:

Айыл өкмөтү, Айыл чарба министрлигинин региондук бөлүмүнүн көмөгү менен министрликтин адистеринин келүүсүн уюштурат, алар айыл аймагынын малчылары үчүн консультацияларды жана практикалык сабактарды өткөрүшөт”

Бул жерде баалуулуктар менен натыйжа жана бул натыйжаны алууга боло турган мезгил көрсөтүлөт, мисалы:

“Жыйынтыгында малчылар жаңы билимдерге жана көндүмдөргө ээ болушат, бул мал чарбачылыгынын продуктуулугун жогорулатууга тийиш (бодо мал, эт (тирүү салмак) сүт (литр) өсүш % менен), (майда мүйүздүү мал: эт (тирүү салмак) жүн (кг) өсүш % менен)

10
(жергиликтүү бюджет)

20 (ишкерлер)

“Жасалма уруктандыруу пунктун ачуу” “Айыл өкмөтү пунктка орун бөлүп берүүгө көмөк көрсөтөт. Ишкерлердин тике инвестицияларынын эсебинен керектүү жабдуулар жана үрөн материалдары сатып алынат, ошондой эле адистердин консультациялары төлөнөт”. 2026-жылга чейин жакшыртылган породалардын башын 20%га көбөйтүү 1 000

Ишкерлердин каражаттары

Ак-Турпак айыл аймагына шалы кургатуучу логистикалык борбор куруу Айыл өкмөтү эл аралык уюмдары  менен биргеликте логистикалык борборун уюштурат жана кантип туура иштетүү боюнча окууларды өткөрөт Күрүч үрөөнү сапаттуу жана жакшы сакталат.Күрүчтөрдү  башка райондорго сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. 21000,0

 

Аялдар жана жаштар арасында кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүсүнө көмөмктөшүү борборун уюштурууга жана көргөзмөлөргө катышуусуна көмөктөшүү.

 

 

Аймакта аялдар жана жаштар арасында кол өнөрчүлүк кылган ишкерлер көбөйөт 50,0
Сары-Камыш айылында  туризм тармагын өнүктүрүү  

Туристтерге ыңгайлуу эс алуучу жайларды уюштуруу боюнча тажрыйба алмашуу иш чараларын уюштуруу

 

Конок үйлөрүн уюштурулат. 6,0
БАРДЫГЫ биргелешкен катышуу каражаттары  
БАРДЫГЫ тике инвестициялар 27,800,0
4.4. Экономикалык өнүгүүгө тиешелүү бюджеттик инвестицияларга болгон муктаждыктарга анализ жүргүзүү  
Инвестициялык артыкчылыктар Мүмкүн болгон долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр Бааланган наркы (миң сом)
Айыл чарба малдарынын асылдуулугун жогорулатуу боюнча иш аракеттерди көрүү “Айыл өкмөтү жасалма уруктандыруу пунктка орун бөлүп берүүгө көмөк көрсөтөт. Ишкерлердин тике инвестицияларынын эсебинен керектүү жабдуулар жана үрөн материалдары сатып алынат, ошондой эле адистердин консультациялары төлөнөт”. 2026-жылга чейин жакшыртылган породалардын башын 20%га көбөйтүү 20 000
“Жасалма уруктандыруу пунктун ачуу” “Айыл өкмөтү пунктка орун бөлүп берүүгө көмөк көрсөтөт. Ишкерлердин тике инвестицияларынын эсебинен керектүү жабдуулар жана үрөн материалдары сатып алынат, ошондой эле адистердин консультациялары төлөнөт”. 2026-жылга чейин жакшыртылган породалардын башын 20%га көбөйтүү 1 000

Ишкерлердин каражаттары

Дыйкандарга сапаттуу үрөөн менен камсыздоого көмөк көрсөтүү Үрөөнчүлүк кооперативдери менен биргеликте иштер жүргүзүлөт. 2025-2027 жж аралыгында. 30,0
БАРДЫГЫ бюджеттик инвестициялар

 

150,0
 
5-БӨЛҮМ. ИНКЛЮЗИВДҮҮ ӨНҮГҮҮ  
 
5.1. (таблица) Инклюзивдүү өнүгүү (адам)  
Категория Факт күтүлгөн. Прогноз
2021 г. 2022 г. 2023 г. 2024 г. 2025 г. 2026 г. 2027 г.
Иштей ала турган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (адам) 187 187 193 194 194 194 194
Иштей албаган оор майыптыгы бар адамдар (адам) 46 46 45 47 47 47 47
Өтө жакыр адамдар (адам) 512 491 663 447 367 287 207
Турмуштук оор кырдаалдагы балдар (адам) 5 5 2 3 3 2 2
Турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөр (бир.) 5 3 3 2 2 2 1
Алыскы калктуу конуштардын калкы (адам) 3 3 3 3 3 3 3
Эмгек мигранттарынын жашы 18ге жете элек балдары (адам) 585 567 564 591 580 510 490
Этникалык азчылыктар (адам) 3 4 4 4 4 4 5
Аялдар (адам) 8599 8689 8861 9026 9171 9302 9427
Аялдар (калктын жалпы санынан% ) 49,5 49,1 50 49 50 50 50
Улгайган (жалгыз) (адам) 0 0 0 0 0 0 0
Калктын жалпы санындагы калктын аярлуу топторунун бардык категорияларынын (аялдардан тышкары) жалпы үлүшү (%) 8,0% 7,8% 8,6% 7,2% 6,8 6,6 6,2
Гендердик зомбулук учурлары (бир.) 5 6 8 19 10 7 4
Кризистик борборлордун болушу (бир.) 0 0 0 0 0 0 0
 
5.2. Учурдагы кырдаалга анализ жүргүзүү  
Ак-Турпак айыл аймагы боюнча 2024 жылдын аярлуу топтордун өкүлдөрүнө жумуш орундарын берүүгө жана жакырчылктан чыгаруу максатында Республикалык бюджеттен социалдык контракттын негизинде 80 уйбулоого 100,0 мин сом акча каражаты жеке ишкерлик кылууга берилди жана айыл өкмөтү тарабынан жеке ишкерликти колдоо максатында конкурс жарыя берилип 100 000 сомдон эки үй-бүлөөнүн ишкерлиги колдоого алынды. Алынган каражаттарга копчулугу мал чарбачылык, тикмекчилике, күнөскана, соода сатык, устачылык багыттарына иштетилди.

Майыптыгы бар, жашоо шарты оор уйлорго, жалгыз бой энелерге жергиликтуу бюджеттен 48 жаранга 470,0 мин сом акчалай жардам берилип 120 кг дан көмүр 60 кожолука берилди.

Жыл сайын пландык иш чараларга негиз карыялар күнүнө, майыптар күнүнө, эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата үзгүлтүксүз иш алып барылууда.

Аярлуу топтордун өкүлдөрүнун арасында кол өнөрчүлүк кылууга жөндөмдөру бар адамдар бар. Ошондой майыптыгы бар балдарды социалдаштыруу жана физикалык, моралдык жактан жардам беруу максатында атайын реабилитациялык балдар борборун ачуу мукатаждык бар.

Бул СЭӨП калктын аярлуу катмарын колдоого гана эмес, ошондой эле социалдык жактан муктаж болгон калктын аярлуу топторунун жашоо сапатын жакшыртуу максатында аларды аярлуу жарандардын категориясынан экономикалык активдүү субъекттердин категориясына которууга багытталган бир катар чараларды карайт:

Айыл аймакта калктын аярлуу катмарынын өкүлдөрүн жумуш менен камсыз кылууга даяр чакан ишканалар бар. Өкмөттүк эмес уюмдар айрым маселелерди чечүүдө, мисалы, райондук, областтык жана республикалык деңгээлде иш алып барган кайрымдуулук уюмдары менен байланыштарды түзүүдө. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын үй-бүлөлүк абалына жана ден соолугуна жана ички, тышкы миграциядагы жарандардын балдарына туруктуу мониторинг жүргүзүлөт. Өнүгүүсүндө кемчиликтери бар балдар үчүн жеринде сабактар өткөрүлөт.

Жыл сайын жакырчылык менен күрөшүү боюнча атайын план түзүлүп, ишке ашырылууда. Жакырчылык жылына 10% азаят. Тобокел тобундагы балдарды коомго интеграциялоо боюнча чаралар иштелип чыккан жана ишке ашырылууда.  Атайын майрамдык иш-чараларга 3 Ооган согушунун ардагерлери жана кары-картаңдар катышууда. Маданий иш-чараларга калктын аярлуу катмары да катышат.

Мигранттардын балдары менен иштөө боюнча комплекстүү иш-чаралар иштелип чыккан, ар бир үй-бүлөнүн балдары тыкыр көзөмөлгө алынган. Каттоодо турган мигранттардын балдарына тынымсыз мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органга отчет берилет. Мигранттардын балдары, камкорчулары жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлөт. Социалдык маселелер боюнча адистер, мектеп директорлору жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси менен биргеликте балдардын укуктары боюнча маалымат стенддери иштелип чыгып, жайгаштырылат.

Корутундулар жана сунуштар :

Аярлуу топтор калктын жалпы санында өтө чоң үлүшүн түзбөйт, бирок ошого карабастан, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрилиги тарабынан даректүү материалдык жардамдан тышкары, калктын аярлуу катмарынын өкүлдөрүн иш менен камсыз кылуу боюнча бир катар чараларды көрөт. Аларды кол өнөрчүлүккө жана айыл чарба өндүрүшүнө тартуу. Бул маселелерде акционердик коом бизнестин жана коммерциялык эмес уюмдардын жардамына таянат. Айрым долбоорлор буга чейин макулдашылган жана СЭӨП негизинде ишке ашырылат.

 
5.3. Инклюзивдик өнүгүү муктаждыктарына анализ жүргүзүү  
Артыкчылык Мүмкүн болуучу чаралардын жана долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр
Жакырларды колдоо жана экономикалык абалын жакшыртуу Социалдык контракттын негизинде 100,0 сом каражатын алып жеке ишмердик кылы кетуусуно комоктошуу 2025-2027 жж.

Болжолдуу 300 үйбүлөө социалдык контракттын негизинде каражат алып ишмердүүлүк кылып, үй бүлөөсүнүн экономикалык абалын жакшыртат

Айыл өкмөтү тарабынан ишкерликти колдоо боюнча конкурстарды уюштуруу Жергиликтүү бюджеттен жыл сайын акча каражатын бөлүп конкурстун негизинде жеке ишкерлик кылып кетуусуно комоктошуу 2025-2027 жж.

8 үйбүлөгө конкурстун негизинде  ишмердүүлүк кылып, үй бүлөөсүнүн экономикалык абалын жакшыртат

Билим берүүнү жана жумуш менен камсыз кылууну жакшыртууга колдоо көрсөтүү Азык-түлүк программасы аркылуу калктын аярлуу катмарын окутууну уюштуруу, мисалы: Бал челек, кийиз буюмдарын жасоо. 2025-2027 жж.

Болжолдуу 130 адам анын ичинен 80 аялдар билим денгээлин жогорулатып, бир нече кесипке ээ болушат.

Кошумча киреше алуу үчүн үй кожойкелерин ишке орноштурууга комоктошуу АА калктын аярлуу катмарындагы аялдарды иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу үчүн ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзуп иш менен камсыз болуусун комоктошуу 2025-2027 жж.

Тигуучу цехтерде 300 аялдар жумуш менен камсыздалат

Жакырчылыкты азайтуу үчүн калктын аярлуу топторунун арасында мал чарбачылык, дыйканчылык, чычырканак жана бал челек боюнча ар кандай тажрыйбаларды жайылтуу Жаңы ыкмалар менен мал чарбачылык, дыйканчылык, чычырканак жана бал челек боюнча тажрыйба алмашуу аркылуу киреше булактарын кеңейтүү 2025-2027

Айыл аймакта мал чарбачылык, дыйканчылык, чычырканак жана бал челек менен ишмердүүлүк кылган жарандардын киреш булагы 10% көбөүсүү күтүлөт

 

Аз камсыз болгон үйбүлөөлөр, аялдар, жаштар, жумушсуздар үчүн атайын бизнес план түзүү, ар түрдүү кесип алуу багытында окууларды уюштурууга көмөктөшүү Ак-Турпак айыл аймагында ПРООН жана БУУ нун ДАТП уюму тарабына уюшулган окуу борборунда окууларды өткөзүүгө жардам берүү

 

 

 

 

2025-2027 жж.

Болжолдуу 90 адам анын ичинен 65 аялдар билим денгээлин жогорулатышат

Гендердик басмырлоо жана зомбулуктун алдын алуу боюнча иш алып баруу.

 

Гендердик басмырлоо жана зомбулуктун алдын алуу боюнча тегерек столдор, семинарларды, жыйындарды өтүү Жылына 2 жолудан кем эмес калк менен жолугуушуларды өткөрүү. Маалымат стенддерди иштеп чыгуу жана жайгаштыруу;

 

Коомчулуктун, анын ичинде аялдардын маалымдуулугу 30% га жогорулатайт.

Жылына 2ден кем эмес жыйындар өткөрүлөт

50 дөн кем эмес  адам катышат, анын ичинен аялдар 30% дан кем эмес, эркектер  5%дан кем эмес.

ДМЧ балдардын билим алуусуна көмөктөшүү. ДМЧ балдарга билим беруу максатында инклюзивдик окуусуна шарттарды түзүү ДМЧ балдарга билим беруу тармагы жакшырат
Аярлуу катмарларга кыш мезгилинде көмүр отунунан жана материалдык жардам көрсөтүү кыш мезгилинде комур отунунан жардам корсотуу жана материалдык жардам берүү Аярлуу катмарларлуу үй бүлөөлөр материалдык жардам алышат
Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды багуу боюнча ата-энелер менен иш алып баруу Көндүмдөргө үйрөтүү боюнча ата-энелер  үчүн окутууларды  уюштуруу Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жашоо шарты жакшырат
Иш менен камсыз кылуу практикасын өнүктүрүү, иштеп жаткан уюмдардын аймагында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн оптималдаштырылган жаңы жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүү Мекеме ишканаларына майып адамдарды ишке алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Майыптыгы бар 6 адам жумуш иш менен камсыз болушат.
Жаш ишкерлерди колдоо максатында атайн окутууларды  уюштуруу. Тренингдер, тегерек столдор өткөрүгө колдоо көрсөтүү 40 жаш ишкерлердин билим денгээли жогорулайт
 
 
6-БӨЛҮМ. МЕЙКИНДИК  
 
6.1. (таблица) Мейкиндик  
Категория Факт күтүлгөн. Прогноз
2021 ж. 2022 ж. 2023 ж. 2024 ж. 2025 ж. 2026 ж. 2027 ж.
Аймактын жалпы аянты (га) 66725,0 66725,0 66725,0 66725,0 66725,0 66725,0 66725,0
Жер категориялары (га):              
Айыл чарба жерлери (бардыгы): 38380 38380 38380 38362 38362 38362 38362
анын ичинде айдоо аянттары 4048 4048 4048 4112 4112 4112 4112
сугарылбаган 0 0 0 0 0 0 0
сугат айдоо жерлер 4048 4048 4048 4112 4112 4112 4112
анын ичинде жайыттар 33525 33525 33525 33487 33487 33487 33487
анын ичинде жеке 0 0 0 0 0 0 0
      анын ичинде АЖМФ0 935 935 935 954,3 954,3 954,3 954,3
анын ичинде иш жүзүндө колдонулган 33525 33525 33525 33487 33487 33487 33487
анын ичинде колдонулбаган (баланс) 0 0 0 0 0 0 0
Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер (бардыгы): 479 479 479 484,19  

 

484,19

485 485
Иш жүзүндө колдонулган 479 479 479 484,19 484,19 485 485
Колдонулбаган (баланс) 0 0 0 0 0 0 0
Калктуу конуштун жерлери (бардыгы): 2317 2317 2317 2330,2 2330,2 2330,2 2330,2
анын ичинде турак жай курулушу 356 356 356 364 364 364 364
Иш жүзүндө колдонулган 356 356 356 364 364 364 364
Колдонулбаган (баланс) 0 0 0 0 0 0 0
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (ӨКЖА) жерлери 0 0 0 0 0 0 0
Токой фондусунун жерлери 0 0 0 0 0 0 0
Суу фондусунун жерлери 295 295 295 295 295 295 295
Запастагы жерлер: 58069 58069 58069 58069 58069 58069 58069
Иш жүзүндө колдонулган 38380 38380 38380 38362 38362 38362 38362
Колдонулбаган (баланс) 25267 25267 25267 25272 25272 25272 25272
Аймактын айыл чарба жерлеринин жалпы аянтындагы иш жүзүндө пайдаланылуучу айыл чарба жерлеринин үлүшү (%) 100 100 100 100 100 100 100
Инженердик инфраструктура менен камсыздалган турак жай куруу үчүн арналган жер участокторунун аянтынын үлүшү (%) 15,3 15,3 15,3 15,6 15,6 15,6 15,6
Инженердик инфраструктура менен камсыз кылынган өндүрүштү жайгаштыруу үчүн арналган жер участокторунун аянтынын үлүшү (%) 1,2 1,2 1,2 1,4 1,4 1,4 1,4
Категория боюнча пайдаланылбаган же кошумча жерлерди пайдалануу зарылдыгынын прогнозу (га): 456 456 456 456 456 456 456
Айыл чарба жерлери              
Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жерлери жана башка багыттагы жерлер (бардыгы) 100 100 100 100 100 100 100
Калктуу конуштун жерлери (турак жай курулушу) 356 356 356 356 356 356 356
Токой фондусунун жерлери 0 0 0 0 0 0 0
Суу фондусунун жерлери 0 0 0 0 0 0 0
 
6.2. Учурдагы кырдаалга анализ жүргүзүү  
Ак-Турпак айыл аймагы негизинен тоолуу аймак болуп эсептелинбейт. Айыл аймак, деңиз деңгээлинен 800-1386 метр бийиктикте жайгашкан.  Кыш мезгили 3 айга созулат жана, минималдуу төмөнкү температура -10 оС жетиши мүмкүн. Жаз мезгилинде температура +45 оС чейин жетиши мүмкүн. Жайында орточо температура +30 оС, кышында  -5 оС   Акыркы 5 жылда көп жылдык чөптөр өскөн жерлердин аянты көбөйдү, бул айыл чарба өсүмдүктөрүн өнүктүрүүгө жакшы таасирин тийгизет: биринчиден, топурактын түшүмдүү катмары курдөнуп, шамал жана суу менен учуп кеткен жана эрозияга учураган катмар, калыбына келе баштады. Бул аймактын тоютка болгон муктаждыгы 70%  канааттандырат. Жер участокторун өнөр жай жерлерине которуу жолу менен жаңы өнөр жай зоналарын түзүү пландаштырылууда. Ошондой эле жаңы социалдык объектилерди куруу үчүн бош жаткан жерлерди пайдалануу пландалууда. Турак жай куруу үчун жер аянттарын трансформациялоо иштерин жургузуу керек.
 
6.3. Мейкиндик планынын элементтери  
Мейкиндик планын өзгөртүүдөгү чаралар же ниеттер: Күтүлгөн жыйынтыктар:
25 га жерди тамчылатуу сугаруу системасы менен камсыздоо 25 га жерди тамчылатуу сугаруу системасы менен камсыздалат. Дыйкандардын айыл чарба продукциясынын колому 1%жогорулайт
146,3 га жерди турак жай куруу үчүн трансформациялоо 1460 жарандар турак жай куруу үчүн жер тилкеси менен камсыз болот
Соода туйундорун ачуу жана өндүрүш иш каналарын курууга жер аянттарын трансформациялоо иштерин жургүзүү Аймакта 0,5 га жерди өндүрүш иш каналарын курууга жер аянты каралат
   
   
 
 
7-БӨЛҮМ. АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ  
 
7.1. (таблица) Айлана-чөйрө  
Категория факт күтүлгөн. прогноз
2021 ж. 2022 ж. 2023 ж. 2024 ж. 2025 ж. 2026 ж. 2027 ж.
Жаратылышты коргоо зоналарынын, ӨКЖА, микрокоруктардын аянты (га) 0 0 0 0 0 0 0
Токойлор ээлеген аймак, анын ичинде жайылма токойлор (га) 0 0 0 0 0 0 0
Токойлорду калыбына келтирүү (га) 0 0 0 0 0 0 0
Деградацияланган жайыттардын аянты (га) 0 0 0 0 0 0 0
Малдын жайытка болгон жүгү (1 айда 1 гектарга шарттуу малдын башынын саны) 0,35 0,34 0,33 0,32 0,31 0,31 0,31
Деградацияланган жайыттардын жалпы жайыт аянтына карата үлүшү (%) 0 0 0 0 0 0 0
Деградацияга дуушар болгон айыл чарба жерлеринин аянты (га) 0 0 0 0 0 0 0
Деградацияланган жайыттардын жалпы аянтына карата калыбына келтирилген жайыттардын үлүшү (%) 0 0 0 0 0 0 0
Энергияны үнөмдөө. Кожолуктардын жылытуу үлүшү (%): 0 0 0 0 0 0 0
борбордук жылытуу 0 0 0 0 0 0 0
электр энергиясы 0 0 0 0 0 0 0
газ 0 0 0 0 0 0 0
меш жылытуу 100 100 100 100 100 100 100
башка орнотуулар 0 0 0 0 0 0 0
башка кайра жаңылануучу булактар же энергияны үнөмдөөчү орнотуулар (мисалы, көпкө күйүүчү мештер ж.б.) 0 0 0 0 0 0 0
КТК полигондорунун саны (даана) 7 9 9 9 9 5 5
КТКны кайра иштетүү боюнча ишканалар же коңшу аймактардагы мындай ишканалар менен макулдашуу (бир.) 0 0 0 0 0 0 0
Санкцияланбаган полигондордун саны (бир.) 0 0 1 1 2 2 3
Кен казып алуу тармагынын объекттери (бир.) 0 0 0 0 0 0 0
Экологиялык тобокелдиги жогору кен казып алуу тармагынын объекттери (даана) 0 0 0 0 0 0 0
Тазалоочу курулмалар аркылуу өткөн саркынды суулар (%) 0 0 0 0 0 0 0
               
 
7.2. Учурдагы кырдаалга анализ жүргүзүү  
Бүгүнкү күндө Ак-Турпак айылындагы таштандыларды чыгаруу иштери Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу «Ак-Турпак» муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Ак-Турпак айылындагы баардык айылдарында таштанды чыгуруу кызматы уюшулган, бекитилген графиктин негизизнди жумасын бир жолу чыгарылып турат. Таштандыларды чыгаруу учун 2022-жылы атайын 2 га жер таштанды жайгаштыруу полигону уюшулган. Бүгүнкү күндө тегереги толугу менен курчалган, рекультивация болуп турат. Мунципалдык ишканасында 2 дааны айтайын техника райондук онуктуруу фондунун каржылоосу менен алынган, ишканада 3 кызматкер эмгектенет.

Корутундулар жана сунуштар:

ААнын аймагында кооптуу экологияга зыян берген жок жана жаратылыш парктары жок, ошондуктан негизги экологиялык маселелер катуу тиричилик калдыктарын башкарууга байланыштуу.

 
7.3. Экология маселелери  
Артыкчылык Мүмкүн болгон чаралардын жалпы сүрөттөлүшү Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр
Катуу калдыктарды жыйночу полигондун туура башкаруусун камсыз кылуу ААнын аймагындагы таштанды таштоочу жайды учурунда рекультивациялоо жүргүзүү ААнын аймагындагы таштанды таштоочу жайды коопсуздук талаптарын сактоо менен иштеши уюштурулат жана экология зыяны тийбейт.
Таштандылардан айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу иштерин жүрүзүү

 

Калк арасында таштандыларды жок кылуу, туура башкаруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү  
Таштанды чогултуу жана чыгарып кетүү кызматын сапаттуу иштешин камсыз кылуу

 

 

 

Муниципалдык ишкананын толук канду иштешине көмөктөшүү Таштанды чыгаруу кызматы толук кандуу жана сапатуу кызмат кылат

 

Жооп калтыруу