Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-апрели № 19 Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга
социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 88-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык, Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, кеңири талкуулап, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.
- Программада камтылган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Имаров

