Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-апрели № 18 Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата аткарган иштери
жана 2025-жылга милдеттери жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата аткарган иштери жана 2025-жылга милдеттери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин отчетун угуп, талкуулап, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата аткарган иштери жана 2025-жылга милдеттери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Имаров

