Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 18-марты №17 Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жерлерине жүргүзүлүп жаткан
инвентаризация иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамына ылайык, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалы (мындан ары Баткен Гипрозем ишканасы) тарабынан айыл өкмөтүнүн жерлерине жүргүзүлүп жаткан инвентаризация иштерин так, мыйзам чегинде жана жоопкерчилик менен аткарууну камсыз кылуу максатында, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
- Баткен Гипрозем ишканасы тарабынан Ак-Турпак айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлерине жүргүзүлгөн инвентаризация иштеринин жыйынтыгы боюнча директор Э.Жолдошбай уулунун маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
- Баткен Гипрозем ишканасы тарабынан Ак-Турпак айыл аймагындагы жерлерге жүргүзүлүп жаткан инвентаризация жер участкаларынын контурлары менен, жер балансасынын негизинде жүргүзүлсүн.
- Айыл өкмөтү инвентаризация иштерин жүргүзүүгө көмөк көрсөтсүн жана зарыл болгон учурда тиешелүү маалыматтарды жана материалдарды камсыздасын.
- Инвентаризация иштеринин жыйынтыктары боюнча тиешелүү мекеме-ишканалар жана комиссия тарабынан (жерлердин так маалыматы түзүлүп) айылдык кеңешке расмий маалымат берилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага А. Имаров

