Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы ТОКТОМ 2025-жылдын 18-марты №15

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

ТОКТОМ

2025-жылдын 18-марты  №15                                                                        Жаңы-Жер айылы

 

Кыргыз Республикасынын  салык кодексинин 379-380 беренелеринин негизинде  мүлк салыгын турак жайларга эсептөөдө өзгөртүүлөр болгондугуна байланыштуу  айылдык кеңешинин депутаттары угуп, талкуулап чыгып, Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Ак-Турпак айыл аймагынын мүлк салыгыны турак үйлөрдү 2025-2030-жылдарга эсептөөдөн салык кодексинин 409-беренесинде көрсөтүлгөндөй айыл аймагынын калкынын санына жараша мүлк салыгын турак үйлөргө салыгын эсептөөдө 5 жылга чейин 1 ч.м. 10 сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

  1. Токтомду аткарууга алуу жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н.Насибалиевге милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага                                                                                           А. Имаров

Жооп калтыруу