Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы ТОКТОМ 2025-жылдын 13-февралы №13

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

ТОКТОМ

2025-жылдын 13-февралы  №13                                                                      Жаңы-Жер айылы

Ак-Турпак айыл өкмөтүнө тиешелүү айыл чарба багытындагы

Мамлекеттик Фондунун (МФ) жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү

жана учурдагы ижара келишимдерин узартуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине негиз “Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик Фондунун (МФ) жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү жобого ылайык,  Жергиликтүү бюджетти көтөрүү максатында айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

  1. Ак-Турпак айыл аймагындагы МФнун жерлеринин ичинен келишим мөөнөттөрү бүткөн 122 га же р аянты ачык аукцион аркылуу ижарага берилсин..
  2. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б.Баяке уулунун сунушу менен аукционго коюлган жерлер үчүн төмөнкү шарттар белгиленсин:

1). Ижаранын баштапкы баасы – 50 000 (элүү миң) сом;

2). Аукциондун кадамы 5 000 (беш миң) сомдон 20 000 (жыйырма миң) сомго чейин болушу мүмкүн.

 

  1. МФнун аймагындагы көп жылдык бактар отургузулган жерлердин келишимдер (материалдык чыгымдар эске алынып), мөөнөтү бүтө элек сугат жана айдоо жерлерге түзүлгөн учурдагы ижара келишимдер, аукциондо аныкталган орточо баага тууралаштырылып (теңдештирилип), мөөнөтү узартылсын.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Джеенбаевге милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага                                                                                           А. Имаров

Жооп калтыруу