Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги II сессиясынын
№ 7 ТОКТОМУ
02.12.2024-жыл Жаңы-Жер айылы
Жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого)
макулдук берүү жөнүндө
Ак-Турпак айыл аймагындагы элдин жашоо шартын жакшыртуу жана элди таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл аймагындагы Өтүкчү, Кызыл-Коргон, Ак-Турпак, Токой, Калача, Чоң-Кара айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында суу кудук (скважина) жана суу кампа курууга ажыратылган 3,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынын таштуу жайыт түрүнөн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ш.Маккамбаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Тешебаевага жүктөлсүн.
Төрага А. Имаров

