Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын № 38 ТОКТОМУ

Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  

кезектеги VI сессиясынын

№ 38 ТОКТОМУ

29.08.2024-жыл                                                                                                 Жаңы-Жер айылы

 

Төрт- Гүл айыл өкмөтүнүн кайрылуу катын кароо жөнүндө

 

Баткен районундагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 16-августундагы                     №04-27/1114 сандуу Ак-Турпак айылдык кеңешине жазган кайрылуу катын  угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

  1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 16-августундагы №04-27/1114 сандуу каты көнүлгө алынсын жана канаатандырылсын.
  2. Ак-Турпак айыл аймагынын Кызыл-Коргон, Өтүкчү, жана Ак-Турпак айылдарында эл менен жыйындар өткөрүлүп, элдин макулчулугун алып, протоколдор түзүлсүн.
  3. Ак-Турпак айыл аймагы аркылуу 10 км 580 м аралыкта труба аркылуу сууну өз нугунда алып кетүүгө макулдук берилсин.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                       А. Имаров

Жооп калтыруу