Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезектеги VI сессиясынын
№ 30 ТОКТОМУ
29.08.2024-жыл Жаңы-Жер айылы
“Торговый” базарынын башчысы А.Жороевдин өтүнүч арызы жөнүндө
2024-жылдын 12-августундагы А.Жороевдин Ак-Турпак айылдык кеңешине жазган өтүнүч арызын угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
- “Торговый” базарынын башчысы А.Жороевдин 2024-жылдын 12-августундагы жер салыгын эсептөөдөгү зоналдык коэфицент боюнча өтүнүч арызы канааттандырылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.
Төрага А. Имаров

