Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
кезексиз IV сессиясынын
№ 13 ТОКТОМУ
18.04.2024-жыл Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасына кредит/лизингке атайын техника сатып алуу боюнча Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Турпак айылдык кеӊеши Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарын сактоо менен токтом кылат:
- “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасына “Айыл Банк” ачык акционердик коомунун Кадамжай филиалы менен келишим түзүлүп, 5 (беш) жылдык мөөнөткө 18 (он сегиз) % менен кредит/лизингке 32 000 (Отуз эки миң) АКШ долларына (2 848,0 миң сомго) Мусоровоз SHACMAN 4*2 8м3 маркасындагы атайын техниканы сатып алууга макулдук берилсин.
- Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасы жаңыдан түзүлгөндүгүнө жана айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан айылдардагы таштандыларды өз убагында тазалап туруу максатында атайын техниканы сатып алууга өздүк наркынан 30% өлчөмүндө өздүк салымга 9 600 (тогуз миң алты жүз) АКШ долларына (854,4 миң сом), бажы алымына (пошлина) 15% өлчөмүндө 5 520 (беш миң беш жүз жыйырма) АКШ долларына (491,3 миң сом), камсыздандырууга, декларацияга жана башка техниканын чыгымдарына, жыйымга жана жеткирүүгө 1 500 (бир миң беш жүз) АКШ долларына (133,5 миң сом) жалпы 1 479,4 миң сом акча каражаты Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин. Финансы арендасынын (лизинг) келишимин түзүп, атайын техникага келишимде көрсөтүлгөн графиктеги сумманы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнсүн.
- Тиешелүү болгон иш кагаздарды даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага А. Имаров

