Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын № 10 ТОКТОМУ

Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  

кезексиз IV сессиясынын

№ 10 ТОКТОМУ

18.04.2024-жыл                                                                                                 Жаңы-Жер айылы

           

Кыргыз Республикасынын  айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик – аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картогорафия боюнча мамлекеттик агентигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн  Ак-Турпак айыл аймагынын админристративдик чек арасынын схемалык картасын карап жана талкуулап Ак-Турпак айылдык кеңеши  чечим кылат:

  1. Ак-Турпак айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
  2. Ак-Турпак айылдык кеңешинин төрагасына жана Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык  картага кол коюу тапшырылсын.
  3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы                                                                            А. Имаров

Жооп калтыруу