Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 9 ТОКТОМУ

Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  

кезектеги III сессиясынын

№ 9 ТОКТОМУ

04.04.2024-жыл                                                                                                 Жаңы-Жер айылы

 

Ак-Турпак айыл аймагынын “Жалаң-Конуш” жана “Боз-Камар” участкаларындагы жалпы 669,30 га жер аянтын бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак-Турпак айыл аймагында өндүрүштүк муктаждыктарды канааттандыруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер” категориясына, “Жалаң-Конуш” жана “Боз-Камар” участкаларындагы жалпы 669,30 га жер аянтын которуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесине ылайык, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде, Ак-Турпак айыл аймагындагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер” категориясына, “Жалаң-Конуш” участкасынан 439,30 га жана “Боз-Камар” участкасынан 230,0 га жалпы 669,30 га жер аянтын которууга макулдук берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                       А. Имаров

Жооп калтыруу