Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы ТОКТОМ 2026-жылдын 3-августу № 17

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

ТОКТОМ

2026-жылдын 3-августу № 17                                                                          Жаңы-Жер айылы

Өтүкчү-Кайтпас авто жолунун боюна 1,3 км аралыкта жарыктандыруу системасын орнотуу долбоорун ишке ашырууга өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Ак-Турпак айыл өкмөтү, “Тынчтык Демилгелери” коомдук бирикмеси жана БУУ Өнүктүрүү Программасы менен биргеликте каржыланып ишке ашырылуучу долбоорго Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн өздүк салымын ажыратып берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин сунушун карап чыгып, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

  1. “Өтүкчү-Кайтпас авто жолунун боюна 1,3 км аралыкта күн энергиясы аркылуу жарыктандыруу системасын орнотуу жана экологиялык тазалыкты камсыздоо үчүн жол боюна таштанды таштоочу уруналарды орнотуу” долбоорун ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 621 800 (алты жүз жыйырма бир миң сегиз жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 Төрага                                                                                   А. Имаров

Жооп калтыруу