Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы ТОКТОМ 2026-жылдын 3-августу № 16

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

ТОКТОМ

2026-жылдын 3-августу № 16                                                                          Жаңы-Жер айылы

“Ак-Турпак” лигасын уюштурууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Ак-Турпак айылдык кеңешинин Регламентине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-декабрындагы “2024-2034-жылдарга футболду өнүктүрүрүүнүн улуттук программасын бекитүү жөнүндө” ПЖ № 354-жарлыгын жана Кадамжай районунун мамлекеттик админитрациясынын 2025-жылдын 6-февралындагы № 01-15/22 сандуу буйругун аткаруу максатында Ак-Турпак айыл аймагында футболду өнүктүрүү үчүн          “Ак-Турпак” лигасын уюштурууга 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү боюнча айыл өкмөт башчысы Ж.Маканбаевдин сунушун угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

  1. Ак-Турпак айыл аймагында футболду өнүктүрүү, жаштар арасында спорттук иш чараларды жайылтуу жана “Ак-Турпак” лигасын уюштуруу максатында жергиликтүү бюджеттен 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Бөлүнгөн акча каражаты “Ак-Турпак” лигасын өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоого, анын ичинде спорттук иш чараларды уюштурууга, зарыл болгон спорттук жабдууларды жана инвентарларды алууга, жеңүүчүлөрдү сыйлоого жана башка тиешелүү чыгымдарга мыйзамдарда белгиленген тартипте жумшалсын.
  3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана бөлүнгөн акча каражатынын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 Төрага                                                                                   А. Имаров

Жооп калтыруу