Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 3-августу № 16 Жаңы-Жер айылы
“Ак-Турпак” лигасын уюштурууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Ак-Турпак айылдык кеңешинин Регламентине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-декабрындагы “2024-2034-жылдарга футболду өнүктүрүрүүнүн улуттук программасын бекитүү жөнүндө” ПЖ № 354-жарлыгын жана Кадамжай районунун мамлекеттик админитрациясынын 2025-жылдын 6-февралындагы № 01-15/22 сандуу буйругун аткаруу максатында Ак-Турпак айыл аймагында футболду өнүктүрүү үчүн “Ак-Турпак” лигасын уюштурууга 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү боюнча айыл өкмөт башчысы Ж.Маканбаевдин сунушун угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл аймагында футболду өнүктүрүү, жаштар арасында спорттук иш чараларды жайылтуу жана “Ак-Турпак” лигасын уюштуруу максатында жергиликтүү бюджеттен 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Бөлүнгөн акча каражаты “Ак-Турпак” лигасын өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоого, анын ичинде спорттук иш чараларды уюштурууга, зарыл болгон спорттук жабдууларды жана инвентарларды алууга, жеңүүчүлөрдү сыйлоого жана башка тиешелүү чыгымдарга мыйзамдарда белгиленген тартипте жумшалсын.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана бөлүнгөн акча каражатынын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А. Имаров

