Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 3-августу № 21 Жаңы-Жер айылы
Ижара келишимдерин эки тараптын макулдашуусу боюнча бузууга
макулдук берүү жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жер адиси Х.Жарматовдун сунуш катын карап, маалыматын угуп, Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик фонддун айыл чарба багытындагы жерлерин пайдаланууга берүү боюнча ыйгарым укуктардын Кадамжай райондук айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу, мурда Ак-Турпак айыл өкмөтү менен фермерлердин ортосунда түзүлгөн узак мөөнөттүү ижара келишимдерин мыйзам талаптарына ылайык тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Мурда Ак-Турпак айыл өкмөтү менен фермерлердин ортосунда түзүлгөн узак мөөнөттүү жер пайдалануу (ижара) келишимдерин эки тараптын өз ара макулдашуусу боюнча мөөнөтүнөн мурда бузууга макулдук берилсин.
- Тараптар мурда түзүлгөн узак мөөнөттүү келишимдерди өз ара макулдашуу жолу менен бузуу боюнча жазуу жүзүндө макулдашууларды түзсүн.
- Келишимдерди бузуу эки тараптын макулдашуусу менен жүргүзүлүп, тараптардын өз ара эсептешүүлөрү, жер участогун пайдаланууга байланышкан милдеттенмелери жана башка маселелер тиешелүү келишимдерди бузуу боюнча макулдашууларда көрсөтүлсүн.
- Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге ушул токтомду аткарууга байланыштуу зарыл болгон уюштуруу жана укуктук чараларды көрүү милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Джеенбаевге милдеттендирилсин.
Төрага А. Имаров

