Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы ТОКТОМ 2026-жылдын 3-августу № 21

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

ТОКТОМ

2026-жылдын 3-августу № 21                                                                          Жаңы-Жер айылы

Ижара келишимдерин эки тараптын макулдашуусу боюнча бузууга

макулдук берүү жөнүндө

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  жер адиси Х.Жарматовдун сунуш катын карап, маалыматын угуп, Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик фонддун айыл чарба багытындагы жерлерин пайдаланууга берүү боюнча ыйгарым укуктардын Кадамжай райондук айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу, мурда  Ак-Турпак айыл өкмөтү менен фермерлердин ортосунда түзүлгөн узак мөөнөттүү ижара келишимдерин  мыйзам талаптарына ылайык тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын  Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Мурда Ак-Турпак айыл өкмөтү менен фермерлердин ортосунда түзүлгөн узак мөөнөттүү жер пайдалануу (ижара) келишимдерин эки тараптын өз ара макулдашуусу боюнча мөөнөтүнөн мурда бузууга макулдук берилсин.
  2. Тараптар мурда түзүлгөн узак мөөнөттүү келишимдерди өз ара макулдашуу жолу менен бузуу боюнча жазуу жүзүндө макулдашууларды түзсүн.
  3. Келишимдерди бузуу эки тараптын макулдашуусу менен жүргүзүлүп, тараптардын өз ара эсептешүүлөрү, жер участогун пайдаланууга байланышкан милдеттенмелери жана башка маселелер тиешелүү келишимдерди бузуу боюнча макулдашууларда көрсөтүлсүн.
  4. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге ушул токтомду аткарууга байланыштуу зарыл болгон уюштуруу жана укуктук чараларды көрүү милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Джеенбаевге милдеттендирилсин.

 

 

 

 Төрага                                                                                   А. Имаров

Жооп калтыруу