Ак-Турпак айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 3-августу № 18 Жаңы-Жер айылы
“Ылдамдыкты басаңдатуучу жасалма дөңсөөлөрдү”
жана жол белгилерин орнотуу жөнүндө
Жергиликтүү тургундардын кайрылууларын жана талаптарын эске алып, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин 3-пунктуна ылайык Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл аймагындагы Миң-Чынар айылынын негизги авто жолуна жана Чоң-Кара – Ак-Турпак авто жолуна “ылдамдыкты басаңдатуучу жасалма дөңсөөлөрдү” орнотууга макулдук берилсин.
- Ак-Турпак айыл аймагындагы айылдардын ички авто жолдоруна ылдамдыкты чектөөчү жол белгилерин орнотууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана тиешелүү мамлекеттик органдар жана уюмдар менен макулдашуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага А. Имаров

