Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XI сессиясынын № 19 ТОКТОМУ

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын   кезектүү

XI  сессиясынын

                                                                    № 19  ТОКТОМУ

09.09. 2023-жыл                                                 Жаңы-Жер айылы

Ак-Турпак айыл өкмөтүнун 2023-жылга жергиликтүү      

бюджетине өзгөртүүлөрдү  жана толуктоолорду            

киргизүү жөнүндө.

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда 2023-жылдын 1-январына карата калган 22 972 ,9 миң сом каражатты 2023-жылдын жергиликтүү бюджетине каржылоо үчүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттары угуп талкуулап айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин бюджеттик каражаттарына № 1 тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр  жана толуктоолор киргизилсин.

 

(Тиркеме тиркелет)

 

2.Бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүн максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн каржы –экономика бөлүмүнүн башчысы М.Анарбаевге милдеттендирилсин.

3 Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы жана Экономика Министрлигинин Кадамжай башкармалыгынан суралсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                           А.Имаров

 


Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII
чакырылышынын 2023-жылдын 9-сентябрындагы
кезектеги ХI- сессиясынын  №19 токтомуна
№1 тиркеме
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин 3-кварталына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизуу жөнүндө маалымат
Бюджеттик каражаттар
Статья Мазмууну Сумма
Жалпы 1 кв 2 кв 3 кв 4 кв
  Кирешелер 22972,9 0 0 22972,9 0
  Айыл окмотунун эсебинде 2023-жылдын          
  1-январына карата калдык 22972,9 0 0 22972,9 0
             
  Чыгашалар 22972,9 0,0 0,0 22972,9 0,0
             
  Аппарат 701 380,0 0,0 0,0 380,0 0,0
3112 Машиналар жана жабдуулар 380,0 0 0 380 0
             
  ЖКХ  706 22592,9 0 0 22592,9 0
2215 Ар турдуу кызмат көрсөтүүнү алуу 2264,8 0 0 2264,8 0
2221 Мүлктүү учурдагы оңдоого кеткен чыгым 200,0 0 0 200 0
2222 Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды  алуу 2102,0 0 0 2102 0
3111 Имараттар жана курулуштар 13226,1 0 0 13226,1 0
3112 Машиналар жана жабдуулар 3250,0 0 0 3250 0
3113 Башка негизги фонддор 1550,0 0 0 1550 0
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн катчысы: У.Матхоликова

 

 

Жооп калтыруу