Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү
X сессиясынын
№ 18 ТОКТОМУ
05.09. 2023-жыл Жаңы-Жер айылы
Жаңы-Жер айылындагы бала бакчанын имараты жөнундө.
Кадамжай райондук САКБ нун Сот аткаруучусу А.А. Ажимуратовдун 2023-жылдын 28.08. № 4488/ 07-82 сандуу каты, Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Кадамжай финансы башкармалыгынын 2023–жылдын 25-августундагы № 43-02-04/186 сандуу катына жана айыл өкмөтүнүн юридикалык маселелер боюнча жетектөөчү адиси У.Жумаевдин билдирүүсүн айылдык кеңешинин депутаттары угуп, талкуулап айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Жаңы-Жер айылын тургуну Абдикаримов Урустамали Хамдамович пайдаланып келе жаткан бала бакчанын имараты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлсүн жана Кадамжай райондук соту тарабынан өндүрүлгөн 4 526 100 (төрт миллион беш жүз жыйырма алты миң бир жүз) сом сумма айыл тургуну
Абдикеримов Урустомали Хамдамовичтин пайдасын төлөнүп берилсин.
2.Абдикеримов Урустомали Хамдамовичтин пайдасына акча өндүрулүп берилген күндөп баштап кышкы мезгилди эсепке алуу менен акыркы мөөнөтү 2024-жылдын
1-мартына чейин имаратты бошотуп берүү жагы милдеттендирилсин.
3.Көрсөтүлгөн сумманы айыл өкмөтүнүн эсебинен ажыратып төлөп берүү финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровго жүктөлсүн.
Төрага А.Имаров

