Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VIII сессиясынын № 16 ТОКТОМУ

28.07. 2023-жыл                                                  Жаңы-Жер айылы

                                                                                            

Ак-Турпак айыл өкмөтүндө 2023-жылдын 6 ай ичинде

 аткарган жумуштарын тармактар боюнча отчетторун угуу  жөнүндө

 

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Акимовдун жана тармактар боюнча кызматкерлердин 2023-жылдын 6ай ичинде аткарылган жумуштар боюнча маалыматын  айылдык кеңешинин депутаттары угуп, талкуулап айылдык кеңешин сессиясы токтом кылат:

 

1.Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 6ай ичинде аткарылган жумуштар боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Акимовдун отчету канааттандырарлык эмес деп табылсын.

2.Айыл өкмөтүндө 6ай ичинде  аткарылган жумуштар боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Сатыбалдыев, кирешелер боюнча башкы адиси С.Асанов айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Анарбаевдердин берген маалыматтары канааттардырарлык эмес жана ээлеген кызмат ордуна ылайык  келбейт деп табылсын.

3.Айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын аткарган жумуштары канааттандырарлык эмес деп табылсын.

4 Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги жерлерди пайдалануу жана торук аркылуу сатуу боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы жокко чыгарылсын.

  1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын жогорудагы кетирген кемчиликтерин эске алуу менен айыл өкмөтүнүн башчысы А.Акимовго экинчи жолу ишенбөөчүлук көрсөтүлсүн.
  2. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Акимовдун ээлеген кызматы жөнүндөгү маселени кароо жагы КР нын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаевге сунушталсын.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                                           А.Имаров

Жооп калтыруу