Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын
№ 23 ТОКТОМУ
02. 2022-жыл Жаңы-Жер айылы
Кыргыз Респубилкасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтомуна негиз жеке турак үйлөр курулуп калган сугат айдоо жерлеринин жер участокторунан которуунун (трансформациялоо) тартиби жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ш.Маккамбаевдин билдирүүсүн Ак-Турпак айылдык кенешинин депутаттары угуп,талкуулап токтом кылат:
1.Кыргыз Респубилкасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтомуна негиз жеке турак үйлөр курулуп калган сугат айдоо жерлеринин жер участокторунун которуунун (трансформациялоо) тартибине ылайык Ак-Турпак айыл аймагында мыйзамсыз курулган курулуштар деп аныкталып,такталган 474,22га жер аянты бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Имаров

