Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги
III сессиясынын
№ 6 ТОКТОМУ
13.04. 2023-жыл Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл аймагынын Токой айылын
тургуну Турсуматов Саркар жөнүндө.
Ак-Турпак айыл аймагынын Токой айылынын тургуну С.Турсуматовдун
2023-жылдын 6-февралындагы арызын айылдык кеңешинин сессиясында угуп, талкууланып айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Токой айылынын тургуну С.Турсуматовдун турак жайынын үстүнөн CASA -1000 долбооруна негиз чоң чыңалуудагы электр чубалгылары өткөндүгүнө байланыштуу компенсация иретинде 7 жылдык мөөнөт менен 2,0га жер аянты ижаралык шартта берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Имаров

