Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын
№ 28 ТОКТОМУ
04.12.2023-жыл Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетине
толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы
М. Анарбаевдин билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин IV кварталынын чыгаша бөлүгүнө каралган
Аппарат бөлүмүнүн “2211” Кызматтык кыдырууларга чыгашалар” статьясынан 200,0 (эки жүз) миң сом акча каражаты кыскартылып, “2222-учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды материалдарды алуу” статьясына 200,0 (эки жүз) миң сом акча каражаты кошулуп берилсин.
ЖКХ бөлүмүнүн “2222-учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды материалдарды алуу” статьясынан 700,0 (жети жүз миң) сом, 3112-машиналар жана жабдуулар” статьясынан 1200,0 (бир миллион эки жүз миң) сом, “3113-башка негизги фонддор” статьясынан 1500,0 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты кыскартылып ЖКХ бөлүмүнүн “3111-имараттар жана курулуштар” статьясына 3400,0 (үч миллион төрт жүз миң) сом акча каражаты кошулуп берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А. Имаров

