Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
№ 23 ТОКТОМУ
14.11.2023-жыл Жаңы-Жер айылы
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровдун сунуш
каты жана С.Ы. Тилековдун арызы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №м169 “жер участокторун которуу(трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү туралуу токтомунун негизинде, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровдун сунуш катын жана С.Ы. Тилековдун арызын угуп, талкуулап, айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл аймагынын “Торговый” участкасындагы таштуу жайыт категориясында болгон 0.52 га жер аянты, “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер” категориясына которууну(трансформациялоо) жөнгө салуу боюнча макулдук берилсин.
- “Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка жерлер” категориясына которулуучу 0.52 га жер аянты узак мөөнөткө ижаралык тартипте С.Ы. Тилековго ажыратылып берилсин.
- Жогорудагы токтомдордун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровго милдеттендирилсин.
Төрага А. Имаров

