Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын
№ 12 ТОКТОМУ
26. 05. 2023-жыл Жаңы-Жер айылы
“Халмион Прон” ЖЧК сы жөнүндө
“Халмион Прон” Жоопкерчилиги чектелген коомун директору З.Э.Орозбаевдин 2023-жылдын 25-мартындагы № 77 сандуу катын айылдык кеңешинин сессиясында угуп, талкууланып айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Ак-Турпак айыл аймагын Сары-Утек жер участкасындагы 44,2га жер аянтына геологиялык чалгындоо максатында пайдаланууга Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экологиялык жана техникалык көзөмөл министрлигинин №7128 ТР Лицензиясынын “Халмион Прон” ЖЧК на чалгындоо жумуштарын баштоо үчүн айыл өкмөтү менен келишим түзүүгө уруксат берилсин.
- Эки тараптуу келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Төрага А.Имаров

